Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Фото: Генералдык штабдагы жыйын практикалык иш-чаралардын айкалышы менен өткөрүлдү
Генералдык штабдын күжүрмөн даярдык борборунда Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын жетекчи курамы менен жыйындар өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Генералдык штабдын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, жыйындын жүрүшүндө катышуучулар менен нускоочу-ыкмалык сабактар өткөрүлүп аскердик коопсуздук тутумундагы бардык түзүмдөрдүн иш-аракетин координациялоо максатында Кыргызстанда мыйзамсыз куралчан түзүмдөр кол салса ар кыл түзүмдөгү күчтөрдүн өз ара аракетин уюштуруу жана колдоо боюнча практикалык иш-чаралардын айкалышы менен жүрдү.
Жыйындын максаты - жогорку мобилизациялык жана күжүрмөн даярдыкты кармоочу башкаруу органдарынын ишинин бирдиктүү ыкмасын иштеп чыгуу, өздүк курамдын сапаттуу ыкчам жана күжүрмөн даярдыгын уюштуруу.
Иш-чаранын аягында Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы КК Генералдык штабынын кошуундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекмелеринин командирлеринин алдына 2015-окуу жылына милдет-тапшырмаларды койду. “Кийинки жылы аскердик жана күжүрмөн мобилизациялык даярдыкка, күжүрмөн даярдыкка, өздүк курамдын тарбиясына, дисциплиналык жана моралдык-психологиялык абалына, аскердик милдеттерди ырааттуу аткарууга ар тараптан камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулат”,-дейт генерал-майор Асанбек Алымкожоев.