Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Фото: Таластагы тынч митинг аяктады
Таластагы тынч митинг аяктады. Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына аталган шаардын экс-мэри, “Талас ынтымагы” кыймылынын төрагасы Серен Шейшенов билдирди. Анын айтымында, алар көтөрүп чыккан маселелер боюнча атайын комиссия түзүлүп, 10 пункттан турган резолюция кабыл алынды.
Комиссиянын мүчөлөрү:
1. Эрнест Карыбеков - энергетика боюнча эксперт;
2. Сапар Аргынбаев – энергетика боюнча эксперт;
3. Касымбек Райымкул уулу - юрист;
4. Серен Шейшенов - «Талас эл ынтымагы» кыймылынын төрагасы;
5. Төрөхан Жунусбеков - "Жаны муун " жаштардын саясий кыймылы;
6. Мелис Аспеков -"Мекенчил" партиясынын мучөсү;
5. Бектур Медетов - ТМУни студенттеринин Акыйкатчысы.
Мындан тышкары, С. Шейшенов митингге катышкандардын санын эсеп комиссиясы санап чыккандыгын жана ага 1052 киши катышканын белгиледи.
Белгилей кетсек, алар электр энергиясынын кымбатташына, энергетика министрлигинин төрт жылдан бери жүргүзүп жаткан экономикалык саясатына, бийликтин Таластагы алтын кен байлыктарын иштетүү боюнча аракетине жана төө буурчактын баасынын кескин түшүшүнө баа берип, анын себептерин эл менен чогуу талкуулай тургандыктарын жарыя кылышкан.
“Талас ынтымагы” кыймылы бир айдан бери сурамжылоо жүргүзүп, тынчтык митинг өткөрүүнү чечишкен.