Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Фото: Жалал-Абадда “Чанач” ички чарбалык көпүрө калыбына келтирилди
26 11 2014 07:48
Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Коргон-Сай айылында Чаткал дарыясынан өтүүчү “Чанач” ички чарбалык көпүрөсү калыбына келтирилди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка боюнча, ӨКМ өзгөчө кырдаалдардын алдын - алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча аймактык департаменти “Чанач” көпүрөсүн калыбына келтирүү жумуштарын июль айында баштаган. Узундугу 71 метр, туурасы 6 метр келген көпүрөнү “Таш-Көмүр ШСУ” ЖЧКсы ишканасы салды.
Чаткал дарыясынан өтүүчү “Чанач” ички чарбалык көпүрөсү 1972-жылы курулган болчу. Аны кармап туруучу тросс 2011-2012-жылдары кыш оор болгондуктан үзүлүп кетип, жараксыз болуп калган. Бул көпүрө менен жергиликтүү калк 6 кыштоого каттайт.