Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
(фото) Жаштар Жеңиш күнүнүн 70 жылдык мааракесине арналган спорттук мелдеш өткөрүштү
Чүй облусунун Кызыл-Туу айылында кѳк бѳрү оюну жана аламан улак боюнча 32 команданын беттешүүсүндѳгү спорттук мелдеш ѳттү. Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына бүгүн, 4-майда уюштуруучулардын бири Дайырбек Орунбеков билдирди.
Анын билдирүүсү боюнча, иш-чара Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңиш күнүнүн 70 жылдык мааракесине карата өткөрүлдү.
«Кѳк бѳрү боюнча күч сынашта 1-орунду Суусамырдан келген команда баш байгеге коюлган «Джип» авто унаасын алып кетишти. 2-орунга коюлган күлүк атты Кызыл-Туу айылынын жоон билектери, 3-орунга Кызыл Берлик командасы ээ болду. Ал эми Аламан улакта 1-орун «Белек» командасы, 2-орунду Ысык-Ата, 3-орунду Токмок, 4-орунду «Шалта» командасы алды. Иш-чарага үч миңге чукул кѳрүүчүлѳр, үч жүздѳн ашык улакчылар келишти», - дейт Д. Орунбеков.
Мындан тышкары, Д. Орунбеков 70 жылдык мааракеге символикалык 70 метр георгий лентасы тартылганын айтты.