Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Фоторепортаж: Бүгүн Бишкекте мусулмандардын тынчтык митинги өттү
Бүгүн, 20-январда Бишкектеги Горький сейил багында мусулмандардын тынчтык митинги өттү. Алар Франциядагы сатиралык “Шарли Эбдо” журналы жарыяланган Мухаммед пайгамбардын карикатураларына каршылыгын билдирип, “Мен пайгамбарымды сүйөм” деген жазууларды көтөрүп чыгышты.
Тынчтык митингине болжол менен миңге чукул адам келди. Алардын катарында Кадыр Маликов, Өзбек ажы Чотонов, саясатчылар Камчыбек Ташиев, Равшан Сабиров жана Руслан Бекназаров, депутаттар Турсунбай Бакир уулу, Ыргал Кадыралиева катышып, өздөрүнүн ойлорун билдиришти.
7-январда Францияда “Шарли Эбдо” редакциясына кол салууда 12 киши каза болгон. Франциянын Президенти Франсуа Олланд бул кол салууну «терроризм» деп баалаган. Кылмышкерлер журналда жарыяланган Мухаммед пайгамбардын карикатуралары үчүн өч алуу экенин айтышкан.