Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Фоторепортаж: Бишкекте балдарды ур-токмокко алганга каршы тынчтык митинг өттү
Бүгүн, 20-январда Бишкекте балдарды ур-токмокко алганга каршы тынчтык митинг өттү. Митингдин уюштурууга 11-январда 2 жашар Ибрагим ур-токмокко алынганы себеп болгонун иш-чаранын катышуучулары айтышты. Уюштуруучу Асел Сулайманованын айтымында, алар социалдык тармак аркылуу кайрылуу жасашкан. “Бул окуяга кайдыгер карабагандар келишти. Бирок келгендердин саны аз болгону өкүндүрүп турат. Биздин талап Ибрагимди ур-токмокко алгандар тиешелүү жазасын алышы керек”, - дейт Асел Сулайманова.
Белгилей кетсек, 11-январда Бишкектеги балдар ооруканасына 2 жашар бала эс-учун жоготкон оор абалда жеткирилген. Анын денесинде бир топ жарааттар болгон. Мындан улам дарыгерлер баланын сабалып, зордукталганын айтышкан. Күч органдары тарабынан бул кылмышка шектүү катары Ибрагимди уруп-сабап, зордуктоого шектелген атасынын агасы жана анын аялы кармалып, эки айга камакка алынган.
Учурда Ибрагим 11-январдан бери жандандыруу бөлүмүндө комада жатат.