Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Фоторепортаж+Видео: Сот Д. Орунбековго байланыштуу ишти кароо убактысын 4-февралга жылдырды
Бүгүн, 26-январда Бишкектеги 1-май райондук соту maalymat.kg сайтынын башкы редактору Дайырбек Орунбековго байланыштуу ишти кароо убактысын 4-февралга жылдырды. Себеби күбөлөр белгисиз себептерден улам келбей калган.
Аталган соттун алдына Дайырбек Орунбековдун тарапташтары “Соттон адилеттүүлүктү талап кылабыз” деген жазууларды көтөрүп чыгышкан.
Дайырбек Орунбековдун айтымында, ал жазган маалыматты бир нече ММКлар жазып чыккан. Ошолордун жазганына таянганын көрсөтүп, шилтемелерди келтиргенин билдирди.
Дайырбек Орунбековго козголгон кылмыш ишине “Жаңы жүздөр” гезитинин Анара Юсупова аттуу журналисттин макаласы себеп болгон. Макалада Орунбеков maalymat.kg сайтына бийлик башындагы адамдарды Ош окуясына күнөөлүү деп негизсиз каралап жазганы, ишенимсиз булактарга таянганы үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек деп жазган.