Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
ГЭС-2 конушунун тургундары «Шин-Лайн» ишканасынын жанында нааразычылык акция өткөрүштү
06 04 2015 16:31
Бүгүн, 6-апрелде Аламүдүн районуна караштуу ГЭС-2 конушунда "Шин-Лайн" ишканасынын жанында жергиликтүү тургундар нааразычылык акция өткөрүштү. Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына “Кыргыз чоролору” коомдук уюмунун төрагасы Замирбек Көчөрбаев билдирди.
Анын айтымында, элүүгө жакын жергиликтүү тургун "Шин-Лайн" ишканасынын мындан ары иштешине каршы. “Тургундар ишкананын экологиялык зыяндуулугу чоң экенин айтышты. Алар мындай ишкана шаардын ортосунда эмес, мыйзамга ылайык эл жашаган жерден бир нече алысыраак болушу керек дешет”, -дейт З. Көчөрбаев.