Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
И. Карыпбеков: “Би-Би-Си” жана “Азаттык” менен атаандашып, өзүбүздүн программаларыбыз менен жеңип чыгабыз
КТРКнын башкы директоруна талапкер Илим Карыпбеков программасында биринчи кезекте каржы маселесин чечүү керек экенин билдирди.
“КТРКнын ар бир редакциясынан сурап чыктым, алар канча каржы түшүп тура турганын билбейт экен.Ынтымактуу жааматта андай болбош керек да”, - дейт И. Карыпбеков.
Талапкер КТРКнын ичинде коррупциялык схема бар экенин биле турганын айтты.
“Биз телеберүүлөрдөн мурда корпорациянын ичиндеги көрүнүштү оңдоо зарыл. Ошондо гана биз бейтараптуу, эки жактуу маалымат бере алабыз”, - дейт И. Карыпбеков.
Мындан тышкары корпорациянын техникалык абалы башка телеберүүдөн начар экенин билдирди.
“Ала-Тоо 24” деген канал ачканы жатабыз. Кыргызстандыктар күнү-түнү жаңылыктар менен тааныша алат. Бирок, каналдын аты сынакка коюлат. Аталган телеберүү 1-июнда ачылат”, -дейт талапкер.
“Би-Би-Си” жана “Азаттыктын” берүүлөрүн КТРКдан көрсөтүү менен атаандашып, өзүбүздүн программаларыбыз менен жеңип чыгабыз. Анткени КТРКнын потенциалы дагы жетет”, - дейт ал.