Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
И. Карыпбеков: “Мен мыйзам боюнча добуш бергенге укуктуумун, бирок добуш бербейм деп чечтим”
КТРКнын башкы директоруна талапкерлер корпорациянын ишин жакшыртуу максатында өздөрүнүн программалары менен тааныштыруу сынагы башталды.
Алар программалары менен тааныштырган соң Байкоочу кеңеш добуштарын беришет.
Аталган кызматка талапкерлер: Бөлөкбай Шеримбеков, Алмаз Сапаров, Сюита Соурбаева, Кубанычбек Эсенбаев, Аскат Алагөзов, Тимур Саралаев, Илим Карыпбеков, Ишен Айтмамбетов жана Жээналы Камбаралиев.
Ал эми Илим Карыпбеков: “Мен мыйзам боюнча добуш бергенге укуктуумун, бирок добуш бербейм деп чечтим”, - деп билдирди.
Талапкер Кадыр Кошалиев өзүнүн талапкерлигин белгилүү себептерден улам алып салган.
6-февралда КТРКнын башкы директору Султан Жумагулов өз каалоосу менен кызматынан кетүү жөнүндө арыз жазып, Байкоочу кеңеш аны канааттандырган.
Корпорациянын башкы директорунун убактылуу милдетин аткаруучу болуп Илим Карыпбеков шайланган.