Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Илим тутумун реформалоо боюнча иштиктүү тобунун биринчи жыйыны өттү
Вице-премьер министр Эльвира Сариева илим тутумун реформалоо боюнча иштиктүү тобунун биринчи жыйынын өткөрдү. Вице-премьер министрдин айтымында илимди уюштуруу тутумун реформалоо боюнча сунуштарды иштеп чыгып, андан соң Өкмөттүн кароосуна киргизиши керек. Талдоо жүргүзүлүп жана илимди өнүктүрүүнүн негизги багыттары аныкталган соң, илимди башкаруу, илимди ресурстук камсыздоо, кадрдык мүмкүндүктөрдү жогорулатуу жана илимдин натыйжалуулугу тутуму боюнча чечимдер кабыл алынат.
“Алдыда чоң иштер турат, иштиктүү топко илимдер академиясынын, илим тармагына тийиштүү министрлик жана ведомстволор өкүлдөрү, ошондой эле илимий ишмерлер кирген. Иштиктүү топтун эксперттик топторду түзүү жана илимди өнүктүрүүгө кызыкдар жактардын тийиштүү бөлүгүн тартууга укугу бар», — дейт Эльвира Сариева.