Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Илимпоз Батма Кебекова 80 жашында дүйнөдөн кайтты
27 01 2015 14:10
УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун жетектөөчү илимий кызматкери, филология илимдеринин кандидаты 22-январда Батма Кебекова узак оорудан кийин дүйнө салды.
Б.Кебекова дайыма фольклордук экспедицияларга катышып, эл арасынан элдик оозеки чыгармалардын түрдүү жанрдагы бай мурастарын, акындардын чыгармаларын жыйнап, аларга текстологиялык иш жүргүзүп, жарыялап келген.
“Тажрыйбалуу илимпоз, акылгөй кеңешчи, кадырлуу инсан, сыймыктуу эжейибиздин жаркын элеси түбөлүккө эсибизде сакталат. Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун”, -деп УИАнын эмгек жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтышты.