Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Индира Жолдубаева башкы прокурор болуп дайындалды
29 01 2015 10:24
Индира Жолдубаева башкы прокурору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, Президент Алмазбек Атамбаев тиешелүү жарлыкка кол койгон. Кол коюлган жарлыкка ылайык, Индира Жолдубаева ээлеген кызматынан бошотулуп, Башкы прокурор болуп дайындалды.
Белгилей кетсек, 28-январда парламент депутаттары башкы прокурорлук кызматка Индира Жолдубаеванын талапкерлигин колдоду. Анын талапкерлигине каттоодон өткөн депутаттын 105 "макул", экөөсү "каршы" деп добуш берди.
Индира Жолубаева президенттик аппараттын сот реформалары жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. Анын талапкерлигин Алмазбек Атамбаев көрсөткөн.