0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кабарлар

    (интервью) Айнура Орумбаева: Адамды адам кылган асыл эмгек

    (интервью) Айнура Орумбаева: Адамды адам кылган асыл эмгек
    18 09 2015 13:59

    Өлкөнү өнүктүрүүдө аялдын ролу абдан чоң. Ааламда элдин камын ойлогон аялдардын саны арбын. Ошолордун катарын толуктап, өзүнүн акылы, күчү, эмгеги менен өз элине кызмат өтөгөн Талас шаардык кеңешинин депутаты, “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” саясий партиясынын талапкери Айнура Орумбаева деп айтсак жаңылышпайбыз. Анын буга чейинки аткарган иштерин жана аткара турган иштерин билүү максатында маектештик.

    -Элдин жашоосун жакшыртуу үчүн кандай иштерди аткардыңыз?

    -Талас облусу боюнча биринчилерден болуп күнөскана курганбыз. Азыркы учурда дыйкандарга күнөскананы иштетүү боюнча айына бир жолу семинар өткөрүп турам. Мен Талас шаардык кеңешинин депутаты катары үч жылдан бери “Тазалык, кооздук шаарыбызга, шаарыбыз баарыбызга” деген долбоорду ишке ашырып келем. Ошондой эле аялдарды колдоо үчүн атайын үч коом түздүм. Биринчиси “Двафлора”, экинчиси “Оймо”, ал эми үчүнчүсү болсо майып аялдарга жардам көрсөтүү үчүн “Тоокум” деген коом ачканбыз. Үч коомдун баарысын бириктирип, “Талас айымы” деген ассоциация түзүп, жылына үч жолу көргөзмө уюштурабыз. Көргөзмөдөн түшкөн каражаттын 10 пайызын майып аялдарга беребиз. Бир гана майып аялдарга эмес, кырсыктан майып болгон эркектерге да колдоо көрсөтөбүз. Жакында кудай буюрса, облустук масштабда чоң көргөзмө өтөт. Жогоруда аталган үч коомду “Кыздар” деп атап койдук. Башында “Таластык кыз” деп түзөйүн дегенбиз, бирок республикалык масштабга чыгып калсак, “таластык” десе тарыраак түшүнүк болуп калышы мүмкүн деп ойлодук. Бул коомдогу кыздарды өзүнө ишенүүгө үйрөтөбүз.

    -Парламенттик шайлоодон өтүп, эл өкүлү болсоңуз кандай иштерди аткарасыз?

    -Биринчи максатым Кыргызстанды өнүктүрүү. Өзүмдүн кесибим мугалим болгондуктан, билим берүү тармагы боюнча долбоорлорум бар. Экинчиден, айыл чарбасын өнүк түрүүгө аракет кылам.

    -Айымдар саясатка аралашуу оор деп ойлойсузбу?

    -Саясат деген башыңа түшүп жаткан эле жумуш экен. Ошол ишти аткарып жатып эле саясатка түшүп калат экенбиз. Колдон келген иштерди аткарсак оорчулугу деле ж ок деп ойлойм.

    -«Бүтүн Кыргызстан Эмгек» партиясын тандап алганыңыздын себеби?

    -2003-жылдан бери Аскар Салымбеков менен Кыргызстанда тамчылатып сугаруу системасын өнүктүрүү боюнчаөнөктөш болчубуз. Аскар Мааткабыловичтин “Сен мага жардам бер, мен сага жардам берем” деген сөзү мага абдан жаккан. Ал бири-бирибизге жардам бергенде гана Кыргызстанды өнүктүрө ала тургандыгыбыз тууралуу дайым айтат.

    Андан кийинки бул партияны тандап алганымдын себеби буга чейин төрт партияда иштедим, “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясынын максаты мага жагып, ордумду ушул жерден таптым.

    - Долборду иштеп чыгууга эмне түрткү болду?

    - Бул долбоорду иштеп чыгуу изденүүдөн пайда болду. Илгертен айтылып келген сөз бар эмеспи, «Эл эмгегин жер жебейт» - деген, ошондуктан жөн эле жатып шылтоо издегенче эмгек менен өзүмдү сынайын дедим. Бул долбоор менен бир канча партияга кайрылгам, бирок менин кайрылуум кагазда кала берген. Бир кана «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясый партиясынын теңтөрагасы Аскар Салымбеков четке какпай дем берип, өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, кеңешин айтты. Бул партия эмгектенген адамдарга эбегейсиз колдоо көрсөтөөрүн түшүнүп өзүм да мамлекетибизди өнүгүүшүнө салымымды кошойун деп чечтим. Кичине мекенимде жердештериме жумуш орундарын түзүп берсем деп кыялданчумун. Албетте бул кичинекей кадам бүткүл Кыргызстан үчүн тамчы суудай болгону менен, бирок айыл үчүн чоң жетишкендик деп эсептейм.

    - Сиз канча жер аянтына кандай өсүмдүктөрдү септиңиз?

    - Жалпы беш гектар аянтка үч түр күн карама, үч түр жүгөрү, фасоль, бакча өсүмдүктөрүнөн коон, дарбыз өстүрүп жатам. Бир айда эки жолу Кытай Эл Республикасынын адистери Аскар Салымбековдун колдоосу менен келип, өз тажырыйбасы менен бөлүшүп турушат. Анткени бул жаңы сорттор Кытайдан келген. Алардын кантип өстүрүүнүн ыкмаларын биз жакшы биле бербейбиз да. Бул долбоордун алкагында күнөсканаларды да курдук. Кытайдан бир жакшы компания менен жеңил конструкциядагы теплицаларды алып келүүгө келишим түзгөнгө жетиштим. Бул дагы Аскар байкенин колдоосу менен ишке ашты. Анткени Кыргызстанда эң эле арзан күнөсканалар жүз доллардан кем эмес. Ал эми биз алып келген күнөсканалар жана алар менен чогуу тамчылатып сугаруу, жылыткычы менен биригип, кырк беш долларга айланды.

    - Тамчылатып сугаруунун касиеттери сизди канааттандырдыбы?

    - Биринчиден, кол менен сугаруу таптакыр эле жок. Бул артыкчылыгы жайдын ысык аптабында куйкаланып талаада жылаңайлак сугарып жүрбөйсүң. Экинчиден, эң баалуу касиети катары убакыттын үнөмдөлүшүнө өзгөчө баа берээр элем. Тамчылатып сугаруу технологиясы боюнча сугаруу кечки убакта жүрөт. Ал эми күндүз бош убактыңда көптөгөн башка иштерди жасап алууга мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Негизгиси жалкоолука алдырбоо керек, анткени бул өсүмдүктөргө өзүндүн жаныңды арнап, бул маданий өсүмдүктөр дилиң менен эмгектенүүнү талап кылат. Бапестеп кардарлардын дасторконуна даамдуу аш болсун деген максат койгом, анткени кардарлар ыраазы болсо, менин да төбөм көккө жетээри шексиз.

    - Жемиштерди өстүрүүдө химикалык жер семирткичтерди колдоносузбу?

    - Селитра жана башка жер семирткичтерди деле колдонуунун кажети жок. Биз негизи жаратылышка жакын болушубуз керек, малдын кыгынан өтөөр жер семирткич жок, анткени ал экологиялык жактан да, экономикалык жактан да пайдалуу. Кык нымды жакшы сактайт. Ошондуктан жемиштердин түшүмдүүлүгү да абдан натыйжалуу болуп, товардык түрү да мыкты сакталат. Ал эми органикалык жер-жемиштер азыр дүйнөлүк деңгээлде суроо талапты жаратып, ден соолук камын арттырат.

    - Келечектеги ой максаттарыңыз менен бөлүшүп койсоңуз?

    - Азыркы учурда жердештерим, менин кылып жаткан эксперименттериме көз салып байкап турушат, эгерде менин баштаган ишимдин үзүрү пайдалуу болсо, баардыгы эле ушундай долбоорго оогону турушат. «Ырыс алды – ынтымак» демекчи, мен азыр жердештериме семинар өткөрүүнү чечтим, уруктарды кайдан алып, өсүмдүктөрдү кандай өстүрүүнүн ыкмаларын айтып, дыйкандарды жаңы прогрессивдүү технологиялады колдонууга үйрөткүм келет. Бул семинардын максаты да кыргыз элин көтөрүп, эмгек мигрантта рын азайтып, өз эли, жери үчүн пайда таап, бактылуу турмушка жетүүнү көздөйм.

     

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *