Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
(интервью) Аскар Салымбеков: Жашагыла, ойлонгула, жараткыла, сүйгүлө!
Аскар Салымбековдун ысымы Кыргызстанда эле эмес, анын чегинен тышкаркы жерлерде да жакшы маалым. Ал, ийгиликтүү бизнесмен, ошол эле мезгилде саресептүү, анысына кошумча март меценат. «Меценат» - тилибизге кирген жаңы сөз. Көп адамдар, жамааттар анын жардамына муктаж. Асыресе, меценатчылык –бирдемеге кызыгып, алектенүү эмес, а түгүл, кесип да эмес, ири алды, шык-жөндөм, жан дүйнөнүн абалы, Жараткандын белеги. Меценаттын бейнеси эң алдыңкы, кеңири ой жүгүрткөн, терең билимдүү, бийик маданияттуу инсандын бейнесине шайкеш. Биз заманыбыздын ошондой бир ишмери менен маек курдук.
-Сиз бизнести эмнеден баштагансыз?
-Менин алгачкы бизнесим Советтер Союзунун учурунда эле башталган. Жогорку курстардын студенти экенибизде, бир нече улан суурдун терисинен кышкы тумак тиктирүү менен алектендик. Өзүм Ат-Башылыкмын. Биз жакта чабандар суурга аңчылык кылышат. Ошол суурдун терисинен эмне жасоого болот деп ойлодум. Көп маалкатпай аныбызды чогултуп, шаардын четиндеги Чоң-Арык кыштагындагы тикмечиге тумак тигесиң деп тапшырганбыз. Анан алиги тумактарды «Старый толчок» - «Эски базар» деген базарда сатып жүрдүк. Бизнесимдин башаты ошондон нук алды. Ат-Башы Кытай менен чектеш эмеспи. Анда ал мустактан бери эле жака белге жакшы белгилүү базар бар. Жергиликтүү калк төрт түлүгүн Кашкар, Анжыяндан каттаган соодагерлердин кант, ун, кездемелерине алмаштырып келген. Ат-Башыда көп улуттуу эл-кыргыз, уйгур, татар, дунган жана өзбек кошуна жашайбыз. Ата-энем менен жекшемби күнү базарга барганымда, кызуу соодалашкан кишилерди көрчү элем. Азыр Бишкекте Ат-Башы районунан чыккан бизнесмен, ишкерлер бир далай. Балким, табышкерлик кан-жаныбызга кошо сиңгендир. Бармактайыбыздан соодага аралашып өстүк, бул жагдай болочок тагдырыбызды аныктады окшобойбу. Шаардык спорт комитеттин төрагалыгына дайындалгандан кийин ар кайсы өлкөлөргө барып, капиталисттик мамлекеттерде соода кандайча өсүп жатканын, ал жакта нормалдуу жашоо үчүн бардык шарт түзүлгөнүн көрдүм. Соода бизнесинин жөнөкөйлүгү жана аны ар бир жаран жүргүсө боло тургандыгы айран-таң калтырды. Бизде, социализмдин тушунда дүкөндөр аңгырап бош, карточка ситемасы күчүндө эле. Ошондо береги пайдалуу тажрыйбаны өздөштүрүү туурасында ой башыма «кылт» эткен. 1990-жылы Италиядан, футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттан келе жатып, Одессага токтодук. (Мухит кемесинде Жер Ортолук деңизин айланып чыкканбыз). Ошондо бүт Союзга таанымал «Привоз» рыногуна кирдик. Кирүү үчүн акы төлөнөт экен. Ал кезде Фрунзе шаарында «Старый толчок» жабылып, эркин соода-сатык жасай турган ыймандуурак жайыбыз жок болчу. Сатармандар бирде Аламүдүн, бирде Орто-Сай базарларына чогулуп, тегерегинде жашаган тургундар башаламандыкка арызданып турган кез. Мен базарды сатуучуларга да, кардарларга да ыңгайлуу болчудай башка бир жерде уюштуруу жөнүндө ой багып, тынчсызданып жүргөм…
-Анан ыңгайлуу жер издей баштадыңыз?
- Калаа четинен бош жаткан жер таптык. Базар шаардыктарга да, шаардын меймандарына да тоскоолдук жаратпай, эл жашаган аймактардан алыс жайгашышын каалабадык беле. Ошол эле учурда болчок базар стратегиялык чөлкөмгө салынса, айланма жолу жуук, унаанын кирип-чыгышы жеңил болсо дегенбиз. Дээрлик камыш баскан аянтты түздөп, орношо баштадык. Ири алды, 1500 орундуу темир прилавкаларын-соода орундарын жасадык. 1991-жылы 5-декабрда базарды ачып, калайык-калкты соода кылууга чакырдык. Эсимде, 5-декабрда, түнкүсүн, кар жаап, жол тоңуп, автоунаалардын тыгыны пайда болду. Көпчүлүк замандаштар, балким, «кайсы «жинди» мүрзөнүн жанына базар курууга батынган» деп наалыгандыр. Унаа токтоочу жай жана соода орундары жетишпей калды. Андагы көлмөнү кургатып, унаа токтоочу жай уюштурдук. Бара-бара аны кеңейткенбиз. Башында бизди абдан сындашкан, арийне, баардык сын жана пикирлерди көңүлгө түйүп, аста-секин иштөөгө өттүк. Эсиңиздеби, кирүү үчүн акы алчуубуз? Жети кирүү-чыгуучу дарбаза турчу. Алгач 1500 жумуш орду болсо, азыр 15000 жумуш ордубуз бар, мындайча айтканда, мурдакыдан 10 эсе көп.
- Бул эми «Дордойдун» өзүндө гана...
-Соода-рыноктук комплексте, кампаларды кошпогондо. Мага “Forbes” басылмасынан маектешүү үчүн журналисттер келди. 2009-жылдын жыйынтыгына ылайык, Бүткүл дүйнөлүк банктын эсеби боюнча «Дордой» дүйнөдөгү эң алдыңкы он базардын катарына кошулуптур. 15 000 соода орду, анда күн сайын элүү миңге жакын киши иштейт: арабалар, жүк ташыган машинелер, коомдук тамактануучулар жайлар, банктар, акча алмаштыруучу жайлар, башка майда бизнес. Өлкөнүн баардык булуң-бурчтарынан соодагерлер келип, товар алышат, товар сатышат. «Дордойдон» шаардын бүт дүкөндөрү менен дүкөнчөлөрүнө товар таратылат. Биз Борбордук Азияда аймактык ортолук (борбор) болуп калдык. Тажикстандан, Өзбекстандан, Россия менен Казакстандан товарга келишет, анткени мында бир кыйла арзанчылык. “Дордой Ассоциациясы” көп тармактуу, 2011-жылы 20 жылдык мааракесин белгилеп, «Данакер» ордени менен сыйланды.
-Бизнесте «ишеним» деген сөз эмнени билдирет?
-Акча көбөйгөндө, аны жакын адамдарыңа, сыноодон өткөндөргө ишенип, тапшыргың келет. Биздики да үй-бүлөөлүк бизнес. Беш бир тууганбыз, алардын бала-чакасы чоңойду дегендей. Менин ишеничим ошолордо. Үй-бүлөө бизнесин бүт дүйнөдө жактырышат. Ушул жылдары жаныңдагы адамдарга аялыңа, балдарыңа, ата-энеңе таянганың жакшы экендигине ынандык. Айрыкча, бизнестин алгачкы мезгилинде. Антпесек, проблема чыга бермек. Арийне, үй-бүлөөлүк бизнестин терс жагы да бар кемчилик кетирген чоочун адамды жазалай албаганыңдай эле, тууганыңды да жазалай албайсың. Ошол эле кезде бир боорлоруңа үлгү болуп, аларды абдан жоопкерчиликтүү аракетенүүгө чакырасың. Бирөөдөн талап кылуу үчүн, өзүң да деңгээлиңди түшүрбөөгө тийишсиң, бизнес түзүмдү кармап туруу үчүн, баарын башкарууң керек. Көп нерсе жетекчиге багыныңкы. Эгерде жетекчиликке башыңды байласаң, анда суткесине жыйырма төрт саат иштейм дей бер.
- Достор, жакын кишилер тууралуу сөз болуп калды, Сиз бакытты чоң акчадан табасызбы же чын достуктан издейсизби?
-Баары өз ченеминде болууга тийиш. Кимдир-бирөөгө Жараткан көп берет, кимдир бирөөгө азыраак берет… Кудай канча насип ыроолосо, ошого канаатанып, адамдык беделиңди жерге чаппай, бактылуу жашоого эмнеге болбосун. Досторум жетиштүү, классташтар, курсташтар менен байланышып турам. Жумушумда көптөгөн тилектештерим, жакшы санаалаштарым бар. Дүйнөң түгөл турса дейсиң. Достор да керек, акча да керек, жеке жашоону да унутпоо зарыл. Эң башкы байлык – убакыт, ошону ыктуу пайдалануубуз абзел.
- Эмнеге кимдир-бирөө жарды, ал эми кимдир-бирөө бай?
- Тагдыр ар кандай тура. Мисалы, мен керек учурда керектүү жерде туруп калдым да, колдо болгонун андан ары көбөйтүп кеттим. Бирок, ыкыбал, оомат жерде чачылып жатпайт, аны күндөлүк ишиң менен бекемдеп жүрүп отурасың. Керемет оңой эле келе койбойт. Мен көп иштедим, ойлондум, кыйналдым, ал эми каражат топтоп алгандан кийин, элге жумуш берейин, кедейлерге көмөктөшөйүн, маданият, спортту көтөрөйүн, жаштарды өстүрөйүн деген каалоо өзүнөн өзү эле пайда болду.
- Мунуңуз Сиздин кийинки муундардын эсинде из калтырууга аракетиңизби?
-Биздин баардык мүлкүбүз –коомдук байлык. Кээ бирөөлөр заңгыраган үйлөрдү куруп алып, бийик коргондун ичинде жашынып жатышат. Кой-Ташка калаа четиндеги резиденция сыяктуу там-таш салганбыз, анын эшиги калайык-калк үчүн ачык. Келиңиздер, дарыя жээгинде эс алыңыздар, теннис ойногула, мейманкананын тейлөөсүнөн пайдаланыңыздар.
-Сиз бир топ меценаттарды бириктирдиңиз, «Айкөлдүк» кайрымдуулук фондусун түзүүнүн максаты кайсы?
-Мен эл аралык “Айкөлдүк” кайрымдуулук фондусун башкарам. Меценаттарга 15 номинация боюнча кайрымдуулук иштери үчүн сыйлык тапшырабыз. Аларга да жасаган жумуштарына жараша ыраазычылык билдирүүгө тийишпиз, ошонубуз дем-күч, сүрөөн болот. Фучик паркында меценаттардын аллеясын уюштуруп, мыктылардын мыктыларынын аты-жөнүн гранит ташка чегип жаздырып жатабыз.
- Жаштардын Прогрессивдүү демилгелер фондусунун максаттары менен милдеттери тууралуу айтып берсеңиз? Сиз ошол фондуну түзүүнүн көч башында турбадыңызбы...
-Прогрессивдүү демилгелер фондусунун жаштар программасынын алкагында өлкөнүн саясий элитасын калыптандыруу боюнча кең-кесири иш жүргүзүлөт. Эски дасмиябыз менен алыска бара албайбыз. Учурда жаш, акылдуу, интеллектуалдуу улан-кыздардан жаңы саясий элитаны түзүүбүз зарыл. Биз бул ишке киришкенбиз, аларды издеп, чогултуунун механизмдерин тапканбыз. Ушул фонд аркылуу эскиден кол үзүп, өлкөбүздү өнүктүрүүнүн жаңы ыкмаларына умтулуудабыз.
-Эмне тууралуу кыялданасыз?
-Артыма кылчайып, өлкөбүз басып өткөн жолду таразалап, туруктуу, гүлдөп-өскөн мамлекетибиз болушун каалайм. Мамлекеттик институттар аркылуу гана, анын аброюн эл аралык чөйрөдө көтөрүү менен, алга илгерилеп, экономикалык ийгиликтерге жетишебиз. Кийинки урпактарга экономикалык жана саясий жагынан өнүккөн өлкөнү калтыруубуз кажет эмеспи. Муну башкы максатым деп эсептейм. Адам жашоосунда бак отургузууга, там салууга, бала тарбиялоого үлгүрүүгө тийиш. Айлана-чөйрөңдөгү пенделер менен жакшылыкты тең бөлүшүүң парз. Инсандын жер үстүндөгү максаты деле ушул.
- Сиз айтып берип жаткан нерселер мени айран таң калтырууда. Бул касиеттер Сизге кайдан жуккан?
-Көп нерсе билимге жараша жана кандай чөйрөдө иштеп, кимдер менен табакташ болгонуңа байланыштуу экен. Мен даанышман адамдарга жакындагым келет. Жаман адамдардан жаа бою безем. Жакшы адамдын үлгүсүн жуктурам. Андай кишилерге бир топ эле кезиктим. Билим – жакшы менен жаманды айра тааныткан, адамдардын арасындагы мамиле жасоонун маданияты.
-Бизнестин туу чокусуна чыктыңызбы же дагы кандайдыр бир долбоорлоруңуз барбы?
- Багынтылбаган чокулар көп. Бизнесте да альпинизмдеги сыяктуу сезимге бөлөнөсүң. Улам бийик чокулар көз жоосун ала берет.
- Көп замандаштарыбыз байыгандан кийин эле айланачөйрөгө кайдыгер карап калышат…
-Биз, улуулар жаштарга үлгүбүз. Джип авто сатып алуу, чоң там сатып алуу –көпчүлүк жаштардын кыялый максаты. Бирок, мен аларга аз-аздан баштагыла деп кеңешимди айтат элем. Бизнес баштоо –татаал, заматта эле баары жаралып калбайт, алма жөн эле жерде бышпайт, оозуңа үзүлүп түшпөйт. Жаш адамдын кыйынчылыкта сынып калбай, айнып кетпей, баарына туруштук берип, алга кадам таштаганы туура. Аңгемелешүүбүздүн акырында баардык окурмандарга жакшылык тилектерди каалаймын. Жашагыла, ойлонгула, жараткыла, сүйгүлө!