0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кабарлар

    (интервью) Бахтияржан Фаттахов: “Максатым элге кызмат кылуу”

    (интервью) Бахтияржан Фаттахов: “Максатым элге кызмат кылуу”
    16 09 2015 11:32

    Мекен үчүн чын жүрөктөн кызмат кылган жана мындан ары дагы көптөгөн жакшы иштерди аткарууга умтулган, ошондой эле улуттар арасындагы ынтымакты бекемдөөгө өз салымын кошууга даяр экенин билдирген “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” саясий партиясынын талапкери Бахтияржан Фаттахов аталган партияны эмнеге тандап алгандыгы тууралуу айтып берди.

    -Бахтияржан Азизович айтсаңыз, сиз эмне үчүн парламенттик шайлоого “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” саясий партиясы менен барууну туура көрдүңүз?

    -Мен Аскар Мааткабыловичти Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө өзүнүн салымын кошкон инсан катары көп жылдан бери жакшы тааныйм. Бул киши базар экономикасы учурунда он миңдеген адамдарга иш-жай берген. Аскар Мааткабылович менен менин көз карашым туура келет. Ал меценат катары көп илимпоздорду, врачтарды колдогон. Каржы жагын чече албаган жаштарыбыздын ой-пикирлерин колдоп, Прогрессивдүү Демилгелер Фондун көтөрүп чыкты. Бул адам саясатка жеке кызыкчылыгы үчүн эмес, же болбосо өзүнүн көйгөйүн чечүү максатында аралашып жаткан жок, анын саясатка аралашканынын максаты- элдин көйгөйүн чечип берүү жана элдин батасын алуу. Мына ошон үчүн мен “Эмгек” партиясын колдоп келгем. Андан кийин “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен биригип, бир партия болгондон кийин алар мага менин талапкерлигимди көрсөтүүнү сунуш кылышты. Мен бул партиялардын принциптерин эске алып, макул болдум. Ошондой эле Кыргызстандын келечеги үчүн эки саясатчы бириккенин колдойм. Аскар Мааткабыловичтин “көп көйгөйлүү чынжырды бир-бирден чечпей бардыгын чечиш керек” деген сөзү бар. Мен он жыл базар саясатында атаандаштыкты өнүктүрүү ишин колдоо саясатында министр болдум. Бул боюнча ой-пикирлерим бар. Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдикке кошулганда кандай ролу болуш керек? Ошол чоң базарда атаандаштыктын шартында өз ордубузду билишибиз керек. Ошону аткарайын деп жатам. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасында негизги мыйзамдарын өзүм жазып, ошону жетектеп жүрдүм. Эмне үчүн муну айтып жатам, анткени биз борбордук мамлекеттик бийлик менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлик ортосунда анык чектөө принциптерин киргизишибиз зарыл. Ким эмнеге жооп берет? Эл кимден эмнени сурап алыш керек? Аткарылган иштер тууралуу элдин алдында жооп бериш керек. Ошондо жоопкерчилиги бар кызматтын жыйынтыгы жакшы болот. Үчүнчү чынжыр бул мамлекеттик кызмат. Мына мен эки жарым жылдан бери мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары болуп эмгектенип жатам. Мамлекеттик башкаруунун жолун жакшы билем. Мына ошол административдик аймактык биримдик түзүлүшкө жаңы көз караш киргизүү керек. Төрт тепкичтен үч тепкичке өтүү зарылчылыгы турат. Борбордук бийлик менен жергиликтүү бийликтин ортосунда бир эле бийлик болуш керек. Облус, район деп бийликтин тепкичин сактаганда элге кызмат жакшы болбой жатат. Мыйзамдарды конституциянын талабына алып келиш керек. Чынжырдын төртүнчү бөлүмү – этностук маселе. Менин улутум өзбек. Улуттардын ынтымагы, элдин биримдиги үчүн барып жатам. Аскар Мааткабылович мурда парламентте комитет жетектеп жүргөндө, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча бирге иштегенбиз. Эми биз Кыргызстанда жашаган эл улутуна карабай бардыгыбыз патриот болуубуз абзел. Жашоодогу максатыбыз элге кызмат кылуу. Мен бул шайлоого өзүмдүн үй-бүлөмдү ойлоп эмес, элдин келечеги үчүн, балдарыбызга жакшы өнүккөн өлкөдө жашоого шарт түзүп берүүгө барып жатам.

    -Буюрса, сиз Жогорку Кеңештин депутаты болуп калсаңыз адегенде эле ишти эмнеден баштайсыз?

    -Мен талапкер катары жер-жерлерди кыдырып, элдин көйгөйлөрүн изилдеп келем. Элди түйшөлткөн маселелерди билип келгенден кийин аткаруу чарасын иштеп чыгыш керек. Бул көйгөйлөрдү бир күндө чечип беребиз деп сөз бербейбиз. Мен эч качан берген сөзүмдү жерге таштаган киши эмесмин. Айтканымды аткарам. Колдон келбесе мен муну жасай албайм деп ачыгын айтам. Биз элге айткан сөзүбүздү аткарып ачык, айкын кызмат кылабыз. Кыскача айтканда, биздин максат экономиканы өстүрүү.

     

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *