0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кабарлар

    (интервью) Бүбүкан Досалиева: Мекен көйгөйү керектүү мыйзам менен чечилет

    (интервью) Бүбүкан Досалиева: Мекен көйгөйү керектүү мыйзам менен чечилет
    15 09 2015 12:42

    -Сиз журналист, коомдук жана мамлекеттик ишмер катары элге белгилүү адамсыз жана журналист катары коомго таасир да бере аласыз. Анан эмне үчүн парламенттик шайлоого катышууга бел байладыңыз? Сизге депутаттык мандат зарылбы?

    -Ооба, мага депутаттык мандат зарыл болуп калды. Эмне үчүн? Биз Кыргызстан эгемендик алгандан бери профессионалдуу парламентти түзүшүбүз керек деген талапты коюп келебиз. Тилекке каршы, улам кийинки парламенттин курамы мурдагысына салыштырмалуу депутаттардын билим деңгээли, жарандык жоопкерчилиги жана атуулдук милдетин аткаруу жагынан басаңдап келатканын коом таразалап жатат. Буга эмне себеп? Менимче, буга эң ириде депутат болууга татыктуу инсанды таразалап тандоонун начар болуп калгандыгы башкы себеп. Муну акыркы эки чакырылыш далилдеди, башкача айтканда, талапкерди бирден, дыкат тандабай калганыбыз терс таасирин тийгизди. Айрыкча, орто билими гана бар, турмуштук иш тажрыйбасы мыйзам чыгарууга негиз түзүп бере албаган айрым адамдардын депутат болгон акыркы чакырылыш бул абалды даана кѳрсѳттү. Ошон үчүн Кыргызстандын мамлекет катары бекемделишине, экономикасын ѳнүктүрүүгѳ, инвесторлорду тартууга жана жарандардын мекеним үчүн кызмат кылам деген бийик атуулдук сезимде эмгектенүүсүнѳ жол ачкан фундаменталдуу мыйзамдар кабыл алынбай калды. Ошон үчүн депутаттар кѳп учурда мыйзамдарга жеңил-желпи ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү менен алектеништи. Ошон үчүн айрым саясатчылар менен топтор ѳздѳрүнѳ ыңгайлуу мыйзамдарды даярдап, кабыл алуусуна шарт түзүлдү. Ошон үчүн «айрым мыйзам актыларына ѳзгѳртүүлѳр менен толуктоолорду киргизүү» деп аталган бир мыйзам менен ондогон мыйзамдар бир убакта дароо ѳзгѳртүлдү. Мыйзам чыгаруу бийлигинде мындай жоопкерчиликсиз аракетке депутаттардын мыйзам чыгаруу боюнча билиминин жетишсиздиги жана депутаттыкты эң бийик жана ѳтѳ жооптуу милдет эмес, артыкчылыктуу мансап деп эсептегендери себеп болду. Демек, саясий партиялар жана эл быйыл парламентке чыныгы депутат болуп иштей ала турган кесипкѳй адистерди тандоого тийиш. Болбосо, чаласабат парламентн Кыргызстандын мамлекет катары келечегине өтө терс таасирин тийгизет.

    - Мындан он беш жыл мурда бир маектешкени бизде журналист болууну ойлобогонуңузду, оку-муштуу болгуңуз келгенин айттыңыз эле. Азыр саясатка аралашып, партия кызматкери болуп жүрөсүз. “Саясатка сен эмес, саясат сени аралаштырат” деп коет эмеспи, анын үстүнө саясаттын оор иши, кыйынчылыктар да жок эмес. Саясатка аралашканыңызга өкүнбөйсүзбү?

    -Мен ѳмүр бою журналист болуп келе жаткандан кийин ѳзүң айткандай кааласам, каалабасам деле саясатка аралашып, саясатчылар кѳргѳн турмушту чагылдырган журналист катары анын ачуу-таттуусун аз да болсо кѳрүп калдым. Керек болсо кѳп саясатчыларды жаштайынан билип, алардын саясатчы болуп жетилүүсүнѳ журналист катары кандайдыр бир деңгээлде кѳмѳк да кѳрсѳттүм. Анткени, саясатчылардын деңгээлинин жогорулашына, оюн так жана даана айта билүүсүнѳ, олуттуу маселелерди алдын-ала сезип, ой жүгүртүп, өз көз карашын билдирүүсүнө күнүмдүк турмуштун күрѳѳ тамырын кармап турган журналисттин мамилеси, талабы, суроосу абдан зор шыкак берет. Ошон үчүн саясатка аралашканыма ѳкүнбѳйм жана ѳлкѳдѳ болуп жаткан кѳрүнүштѳргѳ кайдыгер карап турбастан ушуга чейин топтогон тажрыйбамды, билимимди, акылымды арнаганга у бакыт жетти деп ойлойм.

    - Эгер депуатат болуп калсаңыз кандай маселелердин үстүндө иш а лып барар элеңиз?

    -Партиянын алдыга койгон максаты өнүккөн, атаандаштыкка туруштук бере алган, арышы кенен Кыргызстанды түзүү болгондуктан мамлекетибиздин эң ириде экономикалык өнүгүүсүнө жол ачкан маселелерди карап, анын негизинде социалдык жана башка көйгөйлөрдү чечүүнүн мыйзамдык жолдоруна көңүл бурам. Аял, эне катары Кыргызстаныбыздын келечеги ишенимдүү болушу үчүн адам факторуна, башкача айтканда келечек муундун денисак, билимдүү, абийирдүү жана мекенчил болушуна катуу басым жасайм. Мында өлкө жарандарынын өз мүмкүнчүлүктөрүн терең баалап, аны толук пайдаланып, өзүнө да, өлкөгө да жакшы жашоо тартуулоого шарт түзүп берүүчү мыйзамдарды кабыл алууга аракеттенем. Мунун башкы рычагы экономикалык эркиндик берип, билим берүү, ден соолукту сактоого мамлекеттик камкордук көрүүдө жана жаран, мамлекеттик кызматкер же кайсы тармакта иштебесин адис катары мамлекет алдындагы жоопкерчиликти катуу талап кылууда деген ойдомун. Демек, ага негиз берүүчү мыйзамды чыгарган, анын ишке ашышына көзөмөл кылган бийлик катары парламенттин депутатынын жоопкерчилиги абдан жогору жана жоопкерчиликтүү.

    - Партиядагы аялдардын башын кошкон “Айым Ордо” аялдар кеңешинин алдыга койгон кандай максат, тилектери бар?

    -Эмгек деген сөз өзү өнүгүү, өсүү дегенди туюндурат эмеспи, ошон үчүн кыргыз элибиз илгертен “Эмгек менен эл көгөрөт”, “Эмгек бар жерде өнмөк бар” деп бир сөз менен эле айтып койгон. Партияда “Айым Ордо” аялдар кеңеши бекер жеринен түзүлгөн жок, Анткени, Кыргызстанда аялдар калктын 52 пайызын түзөт, аялдар бардык тармакта күч, адис катары иштеп, үйдө эне, жар, тарбиячыкатары милдетин өтөп жатат.Бирок, алар мамлекеттик камкордукка муктаж. “Айым Ордо” кеңеши түзүлгөндөн кийин өз программабызды иштеп чыгуу үчүн 4 багыттан турган жумушчу топ түзүп, агаар кандай тармакта иштеген билимдүү, тажрыйбалуу айымдарды тарттык. Алар менен адегенде Кыргызстанды өнүктүрүүгө жана келечекке тоскоол болуп жаткан проблеманы, андан кийин аны чечүү жолдорун бир нече ай талкуулап аныктадык. Анан алдыбызга “Билимдүү, дени сак, мекенчил муунду тарбиялайбыз деген!” ураанды койдук. Буга Кыргызстандын келечекте мамлекет катары сакталып калуусу жана өнүгүүсү үчүн зарыл болгон муунду азыртан тарбиялоо зарылдыгы түрткү болду. Себеби, азыр билими барлар менен сабатсыздардын ажырымы көбөйүп, тамга тааныганы менен рухий дүйнө таанымы төмөн жаштардын саны арбып баратат. Андан тышкары жогорку окуу жайды бүттү деген 5-6 алты диплому бар болгону менен кесипкөй адис катары иштөөгө жөндөмсүздөрдүн армиясы топтолуп барат. Баарынан көйгөйү- акылдуу, жөндөмдүү балдар чет өлкөлөргө кетип, мамлекеттин келечеги үчүн күйүп –жанган жаштардын саны азайып, эптеп эле күн өткөрмөй өткөндөр көбөйдү. Баарынан кооптуусу түрдүү диний агымдарга баш уруп, азыр дүйнөнү каптап келаткан глобализацияда кыргыз улутунун баалуулуктарын жок кылчу көрүнүштөргө туруштук бере турган муундан кол жууп калчудайбыз. Мындай көрүнүштү жакшылап салмактап көрө турган болсок келечекке кооптонууну жаратпай койбойт.Ошон үчүн мындай көрүнүштөрдү жоюу же азайтуу үчүн негизги 3 багытта аракет көрүү керек экендигине көзүбүз жетти. Билимдүү, дени сак, мекенчил муунга ээ болуш үчүн билим берүү, саламаттык сактоодо чечкиндүү бурулуштарды жасап, коом менен жарандын ортосундагы бири-бирине таасир көрсөтүүнү күчөтүп, өз ара жоопкерчиликте болуу сезимин бекемдешибиз керек. Буларды ишке ашыруу абдан татаал жана көп убакыт менен аракетти талап кылган узак процесс. Бирок, андан коркпой биз дени сак муунга ээ болуш үчүн баланы кичинесинен өзүнүн ден соолугу үчүн кам көрүүгө жана саламаттыгы үчүн эң ириде өзү, ата-энеси жоопкер деген сезимди тарбиялашыбыз керек экен. Буга мамлекеттин катышы керек, ал билим берүүгө ушул багыттагы атайын программаларды киргизиши жана медициналык кызматты жеткиликтүү кылышы зарыл, демек алгачкы маалымат бала төрөлө электен баштап бериле башташ керек. Ал үчүн мыйзамдык негиздерди түзүү, анан билим берүүнүн сапатын көтөрүп, үзгүлтүксүз окутуу жолуна түшүү керек деген бүтүмгө келдик. Ал үчүн ар бир айылда бала бакчалар болушу зарыл, анан билим берүү кызмат- керлеринин статусун жогорулатуу, анан ага жараша жоопкерчиликти мамлекеттик деңгээлде талапкылуу зарыл. Ал эми медицина баардык адамдарга жеткиликтүү болуш үчүн мамлекеттик - жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү зарыл деген бүтүмгө келип, жолдорун аныктадык. Үчүнчү багыт-бул баланы тарбиялоодо үй-бүлө, коом, мектептин алакасын бекемдеп, бири-биринин алдындагы жоопкерчилигин жогорулатуу. Анын бир жолу- үй-бүлө институтун бекемдешибиз, ата-эненин бала менен коом алдындагы, баланын дагы ата-эне менен коом алдындагы жоопкерчилигин көтөрүү керек деген бүтүмгө келдик. Бул багыттарды ишке ашыруу жолдорун да аныктадык. Албетте, ал бир партиянын же адамдын колунан келчү нерсе эмес, ал үчүн бардык бийлик бутактары жана ар бир адам аракет кылыш керек.

    -Ден соолук биринчи орундагы маселе, ага кам көрүүнү күчөтүү маселесин абдан туура коюп жаткан экенсиздер. Билим берүү, мекенчилдикке тарбиялоо багытына кененирээк токтолсоңуз?

    - Биз билимдүү инсанга ээ болуу үчүн аракетти бала төрөлө элек кезден башташыбыз керек деп жатабыз. Үй-бүлө институтун бекемдеп, жаш кыз менен уланга ата-эне болуу жоопкерчилигин калыптандырышыбыз керек. Антпесек, азыркыдай үй-бүлө курууну, балалуу болууну оюн же тамаша сыяктуу көргөн жаштарыбыз көбөйдү. Бүгүн үйлөндүк дешет, эртеси ажырашат, бала бага аламбы, тарбия бере аламбы деп, өзүнө өзү суроо койбой туруп балалуу болушат да, аны буюм катары бирөөгө берип, сатып, таштап кеткен көрүнүштөр азайбайт. Бул бир ууч кыргыз элинин генофондун бузат. Ал үчүн үй-бүлө деген кичинекей мамлекет, анын ички, тышкы жана бюджет саясаты болот деген жөнөкөй эле жоопкерчиликти аң –сезимге орнотушубуз керек. Бул үчүн үзгүлтүксүз билим берүү системасын киргизишибиз зарыл. Бала төрөлгөндөн баштап тарбия көрүп, кийин өзү мамлекет жана коом алдында жоопкерчиликтүү муунду тарбиялагандай кылышыбыз керек. Азыр бала бакчага көпчүлүк балдарыбыз барбайт. Мектепке калем сапкармаганды билбей барып жатышат,мектепте билим алганы менен жаран катары жетилбей чыгып жатат. Анан биз эмне үчүн мекенчил, жоопкерчиликтүү баланы тарбиялай албай жатабыз дегенде эле мугалимдер ата-энелерди, ата-энелер мугалимдерди күнөөлөшөт. А коом болсо бул ар кимдин өзүнүн укугу, өзүнүн баласыбы, өзү билет деп кайдыгер мамиле жасап калды. Эки жашар баланын зордукталышы кандай гана өкүнүчтүү. Буга кайдыгерлик башкы себеп. Ошондуктан, биз коомдун жаран алдындагы, а жарандын коом алдындагы жоопкерчилигин көтөрүшүз керек. Булардын баарын биз күчтүү болуп, биргеликте жеңсек болот. Анан ата-эне баласын эмгекке тарбияласын деп жатабыз. Ата-эне ден күчтүү тарбия көргөн бала сөзсүз коомго пайдасы тие турган болуп чоңоёт. Баласына татыктуу тарбия бериш үчүн ата-эне өзү билимдүү, акылдуу болушу керек. Сырты куурчак, бирок көөдөнү бош энелер көп. Алар маалыматты өзү билбесе, баласына эмне үйрөтмөк эле?

    - Мындай көрүнүштөр, албетте биринчи кезекте “Үйдүн куту деген энеге” тиешелүү маселелер. Эми аларды ишке ашыруунун кандай жолдорун тандап жатасыздар?

    -Мындай ураанды ишке ашыруу үчүн мамлекеттик башкаруу рычагына ээ болуу керек. Мен ушундай маселелерди көтөрүп жүргөн көп аялдарды билем, бирок алардын колунда бийлиги же каражаты жок. Айрымдары ар кандай долбоорлор аркылуу чакан топтор менен иштеп жатышат. Андай чакан топ менен жалпы мамлекеттик маселени чече албайбыз, ал үчүн эң биринчи кезекте мыйзамдык база жана чечкиндүү аракет керек. Мыйзамдык базаны парламент аркылуу гана түзө алабыз жана Кыргызстандын мамлекет катары күчтүү болушу күчтүү инсандардын жоопкерчиликтүү эмгегине көз каранды.

    -Бул ой-максатыңарды өзүңүз айткандай шайлоочулардын көп бөлүгүн түзгөн аялдар колдойт деген ишеним барбы?

    -Албетте, мен бул ойлорду кайсы жерге барбайын айтып жатам. Кайсы эне өз балдарынын келечеги жаман болсун деп ойлосун? Аялдар кандай жардам керек болсо аракет кылабыз деп жатышат. Жолугушуулардан кийин Бишкектеги кеңсеге атайы келип, силердин программаны колдойбуз, иштейбиз, бизге эмнени кылыш керек экендигин айткыла деген аялдар аябай көп. Айрыкча, ар бир айылда бала бакча болуш керек деген аракетти ишке ашырабыз, мурда каралбай калган жайларды өзүбүз оңдойбуз деген аялдар бар. Куш өз уясын эч качан бузбайт, аял да өз жашоосунун бакубат, балдарынын бактылуу болушун каалайт. Асмандагы айды алып берем деп куру убада бербей эле өз эмгегибиз менен жашообузду жакшырталы, ал үчүн жумушчу орундарын түзөлү, балдарды жакшы тарбиялайлы деп, адамдык жөнөкөй эле тилекти алдыга койгон биздин партиянын жактоочулары көп болууда. Эң башкысы мурда кийин казынаны жебей, таман акы, маңдай тери менен өз турмушун оңдоп кеткен ишкерлер түзгөн партияга ишенип турушат. Мурда эч бир партияга мүчө болбогон мен да ишенип, тилекти ишке ашырсак деп катуу үмүттөнүп турам.

    - Шайлоочулар сизге пикирлеш болот деген үмүттөмүн, маегиңиз үчүн рахмат!

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *