0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кабарлар

    (интервью) Эрлан Камалов: Менин максатым - күчтүү экономика

    (интервью) Эрлан Камалов: Менин максатым - күчтүү экономика
    15 09 2015 11:02

    -Сизди көп жылдардан бери билим берүү тармагында өз салымыңызды кошуп келе жатканыңызды билебиз, аткарган иштериңизге токтолуп кетсеңиз?

    -Ар бир адам дүйнөгө жаралгандан улам үй-бүлөсүнө, жакындарына, мамлекетине пайда алып келгенге аракет кылыш керек. 1999-жылдан тартып өлкөдө SIFE (Students In Free Enterprise) эркин ишкерчиликтеги студенттер азыркы аталышы Enactus деп аталган уюмдун түштүк аймагынын координатору катары кыргыз экономикасына салымын кошо ала турган жаш муундагы ишкерлерди даярдап чыктык. Ар бир жогорку окуу жайда түзүлгөн топтор өзүнүн бизнес-долбоорлору менен элдин жашоосун жакшыртууга, туруктуу чөйрөнү түзүүгө аракет кылып келишет. Алар элге өзүнүн билимдерин үйрөтүү менен жана ишкерлик чөйрө менен кызматташуу аркылуу тажрыйба топтошот. Ушул топтордун арасынан жеңишке жетишкендер КРнын улуттук чемпиону катары дүйнөнүн кырктан ашык мамлекеттери катышкан Дүйнөлүк Кубогуна ат салышат. Мен дагы ОшМУнун командасынын жетекчиси катары дүйнөнүн ондон ашык мамлекетинде ушул программа боюнча жаштарды алып барып, өлкөнүн желегин көтөрүп келем. Биздин команда 16 жыл ичинде 100дөн ашуун бизнес, социалдык жана экологиялык долбоорлорду ишке ашырып, миңдеген, жүздөгөн адамдарга бизнестин жолдорун үйрөтүү менен иш ордун камсыз кылды. Менин түздөн-түз катышуумда Ош мамлекеттик университетинин “Экономика” адистиги 2012-жылы эл аралык аккредитациядан өттү жана бул түштүк регионунда аккредитациядан өткөн жалгыз адистик болуп эсептелет. Кыргызда жакшы сөз бар “Жашаганын эмес, жасаганын баала” деген. Ушул сөздүн негизинде адамдын элге жасаган кызматын, калкка сиңирген эмгегинен баалаш керек.

    -Жогорку Кеңешке депутат болуп калсаңыз, чечилбеген кайсы маселени чечет элеңиз?

    -Мен парламенттик шайлоого планы жок бараткан жокмун. Кудай буюрса көп мыйзамдарга өзгөртүү киргизе турган сунуштарым бар. Мисалы, билим берүү тармагында окутуунун кредиттик технологиясына өттүк, бирок биздин мыйзамдар реалдуу турмуштан бир кыйла артта калууда. Үч баскычтуу “бакалавриат-магистратура-докторантура” окутуу системасына өткөнүбүз менен бакалавр, магистрлердин статусу мыйзамдарда так аныкталбагандыгына байланыштуу бүтүрүүчүлөр кийин кайсы жерде, кандай тармакта иштей тургандыктарын, кандай эмгек акы төлөнүп берилиш керек экенин билишпейт. Эң биринчи көтөрүп чыга турган маселем алардын юридикалык статусун аныктоо мыйзам долбоору.Экинчиден, көптөгөн социалдык маселелелерди чечүү үчүн мамлекеттик жеке шериктештик жөнүндө мыйзамды өркүндөтбүз. Качан гана өлкөбүздө мамлекет, бизнес жана жалпы коомчулук шериктеш болуп бир иш алып барганда экономикабыз алдыга жылат. Үчүнчүдөн, көйгөйлүү маселе болгон мамлекеттик коопсуздукту камсыз кылуу үчүн чек ара маселесин чечүүнү тездетишибиз керек. Бул боюнча дагы мыйзам долбоорун сунуш кылайын деп жатам. Кыргызстанда отуздан ашуун айыл,башка мамлекеттер менен чектеш аймактарда жайгашкан. Ушул айылдардын жашоочуларына социалдык төлөмдөрдү жогорулатуу жана жумуш ордуларын түзүү менен ошол жердеги элдин турмушун жакшыртуу жана чек арага чектеш жерлерди таштап баса бербеш үчүн болушунча шарттарды түзүп берүү зарыл.

     

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *