0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кабарлар

    (интервью) М.Мырзаев: Өлкөнүн өнүгүүсү бир гана эмгекте, элдин биримдигинде

    (интервью) М.Мырзаев: Өлкөнүн өнүгүүсү бир гана эмгекте, элдин биримдигинде
    15 09 2015 10:34

    «Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» деген кыргыз элинин таамай айтылган макалы бар эмеспи. Мына ушул макалдын менин бүгүнкү маектешиме түздөн түз тиешеси бар. Буга Мырзахит Мырзаевдин алган наамдары, жасаган иштери, ийгиликтери далил боло алат. Алардын айрымдарын айта кете турган болсок; Мырзахит өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин ардак грамотасынын, президенттик стипендиясынын ээси, Ч. Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар премиясынын номинанты. «Жаңы-Толкун» адабият уюмунун мүчөсү. Акын, жазуучу, «Сыр дүйнө», «Он сегиз жаш» аттуу ырлар жыйнагынын автору. «Лидер инфо» гезитинин негиздөөчүсү жана башкы директору. Мунун арты менен ал «патриоттук жана эрдик» медалына ээ болгон. «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер.

    - Саламатсызбы Мырзахит! Алгач өзүңүздү окурмандар менен тааныштыра кетсеңиз.

    - Саламатчылык! Мен Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Ынтымак айылынын кулуну болом. 21 жаштамын. 2011-жылы Уркуя Салиева атындагы Ош облустук лицей - интернатын ийгиликтүү аяктагам. Учурда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын бешинчи курсунун студентимин.

    - Сиз Кыргызстандагы болуп жаткан кырдаалга кайдыгер карабаган активдүү жаштардын катарын толуктап келесиз. Айтсаңыз мамлекетти кантип өнүктүрөбүз?

    - Албетте Кыргызстандын жаранымын деген ар бир адам өлкөдө болуп жаткан кырдаалга кайдыгер карабаш керек деп ойлойм. Мамлекет мен, сен, тигил, мына ушуга окшош жалпы жарандардан турат. Биздин «мамлекет мага эмне кылып берет деп», өзүбүзгө окшош адамдарга үмүт артып жашаганыбыз тап-такыр туура эмес.

    Анткени мамлекет ар бир жарандын курамынан турат. Кайсы гана өнүккөн мамлекетти алып карабайлы, эң биринчи кезекте ошол өлкөнүн элдери мээнеткеч, ынтымактуу, иштерман келишет. Ошондуктан ал мамлекет өсүп- өнүгүп, күчтүү мамлекетке айланат. Жакшылап ой жүгүртүп, түпкүрүнө жете ойлонуп көрсөк өлкөнүн өнүгүүсү бир гана эмгекте, элдин биримдигинде. Башка нерседе эмес.

    - Кыргызстандын Евразия эркин экономикалык аймакка кошулганына кандай карайсыз?

    - Кыргызстандын Евразия эркин экономикалык аймакка кошулуусу менен өлкөнүн айыл-чарба продукцияларын кайра иштетүү тармагында чоң мүмкүнчүлүктөр күтүп турат деп ойлойм. Эгер бардык мүмкүнчүлүктөрдү айыл-чарба продукциясын кайра иштетүүгө жумшасак экономикалык жактан чоң утушка ээ болобуз. Айыл-чарбасындагы өндүрүлгөн продукциянын көлөмү боюнча Баткен облусу өлкөдө эң алдыңкы орунду ээлейт. Баткенде жылына айыл-чарба тармагында жүздөгөн миллиард сомдук продукция өндүрүлүп, ал продукция чийки бойдон сатылат. Албетте бул багытта жергиликтүү бийлик тарабынан бир топ иш-аракеттер жасалып келген. Мисалы: Жыл сайын өткөрүлчү экономикалык форумдарда эки тараптуу кызматташууга багытталган аянтчалар түзүлүп, натыйжада реалдуу кадамдар жасалууда. Ал эми айыл-чарба тармагы улам кеңейүүдө.

    - Жакында эле «Баткен 2015» аттуу эл аралык форум өткөрдүңүздөр. Мунун максаты эмне?

    - Ооба, бул форум 23-июлда ПРООН, ОБСЕ жана GIZ эл аралык уюмдарынын колдоосу менен Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында болуп өттү. Ал жергиликтүү активист жаштар, айыл-чарба жана мелиорация министрлиги тарабынан уюштурулган. Форум айыл-чарба продукцияларын кайра иштетүү жана өркүндөтүүгө багытталган. Форумдун башкы максаты: айыл-чарба продукцияларын кайра иштетүүнү өнүктүрүү жана ага жакшы шарт түзүп берүү. Ошондой эле, ал үчүн ишкерлерди тартуу. Иш - чарага ЖК депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, чет элдик элчилер, ири инвесторлор, президенттик аппараттын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, жана жаштар катышты.

    - Албетте, бул форумдун Баткен облусуна эле эмес, жалпы мамлекет үчүн мааниси чоң экени талашсыз маселе. Бирок, бул иш – чарада конкреттүү жыйынтыктар болдубу?

    - Сиздин сурооңуздун төркүнүн түшүндүм. Иш жүзүндө эмне аткарылды дегиңиз келип турса керек? Бул форумдун натыйжасында өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укук- туу өкүлүнүн жана ири ишканалар менен чет өлкөлүк инвесторлор ортосундагы 3 тараптуу келишимге кол коюлду. Келишимге ылайык 2016-жылы Баткенде мөмө жемиштерди кайра иштетүүчү завод ишке кире турган болду. Бул облус үчүн эң чоң жетишкендик деп ойлойм. Себеби, облус аймагында жылына 62 тоннадан ашык өрүк, 2000 тонна гиляс, 3000 тонна шабдалы, 500 тонна малина, 28 мин тонна картошка, 90 миң тонна буудай өстүрүлөт. Бирок өндүрүлгөн продукциянын 20%ы гана кайра иштетилип жатат. Айыл чарба продукцияларын экспорттоодо башкы көйгөй кайра иштетүү экендиги белгилүү болчу.

    - Алдыдагы максаттарыңыз менен бөлүшө кетсеңиз...

    - Алдыда Кыргызстанды өнүктүрүүгө багытталган дагы көп-көп программалар бар. Буюр са баардыгын ишке ашырып, өркүндөгөн сонун мамлекетке айланабыз деп ишенем.

    - Сиз өзүңүздү патриотмун деп эсептейсизби?

    - Бүгүнкү күндө патриоттуулук десе, жалпыбыз бийликикке сын айтканды, бир пайдалуу жумуш аткарбай туруп, кооз сүйлөгөн баатырлыкты, патриоттуулук деп, түшүнүп калдык. Патриоттуулук деген - бул сөзсүз эле митинг-пикет уюштура калып, көчөдө курулай кыйкыруу эмес. Патриоттуулук бул мекен үчүн пайдалуу жаран болуу, мекенге пайда алып келүү, анын өнүгүүсү үчүн, пешене териң менен, эмгегиң менен салым кошуу. Мына ушуну чыныгы патриоттуулук деп эсептейм. Андыктан мекен мага эмес, мен мекенге эмне кылдым деп жашайлы. Журт алдындагы өз жоопкерчилигибизди сезели! Ал эми өзүмө келе турган болсок, менин патриот же патриот эмес экенимди жасаган ишимен эл өзү таразалап алат дейп ойлойм.

     

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *