0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кабарлар

    (интервью) Марат Мураталиев: Ар бир азаматтын коомго жарыгы тийип туруш керек

    (интервью) Марат Мураталиев: Ар бир азаматтын коомго жарыгы тийип туруш керек
    14 09 2015 19:07

    “Атанын атын чыгаруу кубаныч, ал эми элдин атын чыгаруу бакыт” деген жакшы кеп бар. Марат Мураталиев атасынын атын кадырлап, журт арасында атасынын татыктуу уулу деген алкыш сөздөргө татып келет. Кайрымдуу ишкер, элге кызмат кылууну адатка айланткан Марат Молдонович “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” саясий партиясынан Жогорку Кеңешке депутаттыкка аттанып жаткан учур. Анда эмесе ага ийгиликтерди каалап, Марат мырза менен болгон кеңири маекке орун берели.

    -Марат Молдонович, кептин нугун кыргыз элинин сыймыгы, Улуу Ата Мекендик согушта көрсөткөн эрдиги үчүн “Даңк” ордени менен сыйланган, атабыз Молдалы Мураталиевден баштасак?

    - Жакшы болот. Мен атам менен аябай сыймыктанам. Атам ашыкпаш дүйнөгө кызыкпаган, оюн түз, тике айткан, жоомарт, асыл адам эле. Бизге дайым өзүнүн насаатын айтып, туура тарбия берчү. Ал 7 - классты бүтүргөн соң, Көк-Сай айылында ликбезде иштеп калган экен. Андан кийин 1938-жылга чейин Ош облусуна караштуу Хрущев айылында мектептин директору болуп турган. 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш башталганда эл катары согушка аттанган. Ал жактан танкист болуп кызмат өтөп, Берлиндеги Жеңиш парадына чейин катышып келген. Кийин согушта көрсөткөн эрдиги үчүн II жана III даражадагы “Даңк” ордени менен сыйланган. Согуштан кийинки жылдары Киров райондук социалдык коргоо башкармасынын башчысы болуп иштеп жүрүп ардактуу эс а лууга чыккан.

    - Өзүңүз тууралуу да айта кетсеңиз?

    - Мен 1967 - жылы Талас облусуна караштуу Кара - Буура районунда туулгам. 1985-1987-жылдары аскер кызматын өтөгөндөн кийин, эки жыл Фрунзе (Бишкек) шаарындагы кооперативдик техникумду окуп бүтүргөм. Эмгек жолумду Чүй облусундагы Чүй даярдоочу конторасында баштагам. 1992-2007-жылдардан бери Кара-Буура районунда жеке ишкерлик менен алектенип келгем. 2007-жылдан бери Талас шаарындагы “Арсенал“ БМ ЖЧКсынын директору, Кара-Буура райондук Кеңешинде депутат болгом. 2012-жылы “Республика” партиясынан Талас шаардык кеңешинин депутаттыгына шайлангам. Азыр “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигимди коюп жатам.

    - Эмнеге «Республикадан» эмес, “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясынан депутат болгуңуз келет?

    - “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясынын теңтөрагасы Аскар Салымбеков Кыргызстандагы эң көрүнүктүү ишкер, мецанат, коомдук ишмер. Анын элге, коомго кылган эмгеги бараандуу. Адамгерчиликтүү, жөнөкөй, бардык  катмардагы адамдар менен сүйлөшө билет. Интеллектуалдык деңгээли да өтө жогору. Ошол себептен “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” деген чечим кабыл алгам. Ал инсан менен сүйлөшүү учурунда Талас жергесинин, өзгөчө Талас шаарынын инсфраструктурасын, экономикасын көтөрүү боюнча убада бекиткенбиз. Кудай буюрса, убаданы ишке ашырабыз деп эсептейм.

    - Сиздин кайрымдуулук иштериңиз тууралуу азыноолак маалыматыбыз бар. Кайрымдуулукка депутаттыка талапкер болгондон бери кызыгып калдыңызбы же мурда эле мындай иш- чараларды жасап келгенсизби?

    - Негизи «Алган колдон берген кол артык» деген макал бар. Мен буга чоң маани берем. Ошол себептен бизнес ачып, киреше тапкан күндөн тартып эле кайрымдуулук иштерине аралашып келем. Менин оюмча адамдагы эң асыл сапат бул - боорукерлик, күйүмдүүлүк, анан мекенчилдик. Демөөрчүлүк, кайрымдуулук иштерди негизинен мен атуулдук милдетим деп билем. Жеке ишкерлик менен алектенген ар бир азаматтын коомго жарыгы тийип туруш керек деп ойлойм. Болбосо кантип элдин уулу боло аласың?! Жеке тиричилик менен алектенип, өз курсагын тойгузуп, үй-бүлөсүн багып алганга дээрлик бардык эле адамдын кудурети жетет болуш керек.

    - Кандай иш-чараларга демөөрчүлүк кылып келесиз?

    - Жаштарды спортко шыктандыруу максатында бокс тармагына өзгөчө басым кылам анткени келечек муундун ден соолугу жана руханий дүйнөөсү чың болбосо өлкөбүздө туруктуу өркүндөө болбойт. Бул ишимдин алкагында беш жылдан бери Молдоалы Мураталиев атындагы Эл аралык мелдешти уюштуруп келем. Мисалга алсак, Талас районунун Үч-Эмчек айылынын кулуну Урал Нурбеков, Кыргызстандын чемпиону, мектеп окуучуларынын спартакиадасында эки жолу өлкөнүн чемпиону наамын жеңип алган, 2013-жылы коңшу Казакстан мамлекетинин Алма-Ата шаарында өткөн Евразия оюндарында коло медальга ээ болгон. Ал эми Өзбек элинин борбору Ташкент шаарында өткөн Азия Чемпионатында, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу эр азаматыбыз Алишер Чаткалбеков коло медалга татыган. Бүгүнкү күндө жаш уландар арасында мыкты мушкерлер чыгып коңшу мамлекет болобу же алыскы мамлекет болобу, өлкөбүздүн туусун желбиретип мыктылардын катарын толуктоодо. Андан сырткары, башка коомчулук иш-чаралардын үстүндө да, колуман келишинче элимидин жашоосун жакшыртууга кызматымды көрсөтүп келем. Атай кетсем, жолдорду оңдоого, бала бакча курууга, залкар адамдардын эскерүү кечелерин уюштурууга, майып балдарга жана башка маданий иш чараларга демөөрчүлүк кылып келем. Менин жардамым элге пайда алып келүүсүн каалайм анткени элден чыккан азаматтын эл үчүн пайда алып келиши бул парыз. Берген жардамымды көзөмөлгө алып, жөн эле бир жолку керегине жаратып коюсууна жол бербей рухий же башка оркүндөп өсүүсүнө жумшайм.

    - Демөөрчү болуп, кайрымдуулук иштерин жасаганга көп каражат талап кылынат. Кандай каражат булактарына ээлик кыласыз?

    - Мен айрымдар ойлогондой ашкере бай деле адам эмесмин. Аманбаев айылында 100 адам иштеген кыш заводум, Бишкек шаарында таш майдалоочу кичи заводум бар. Кеп канча байлыгың бар дегенде эмес, пейилде болуш керек. Жылына жүз миллиондоп пайда таап, бирок зыкымданып, болгондун үстүнө болсо экен деген ишкерлер четтен чыгат. Андай нерсе менин жашоо мүнөзүмө туура келбейт. Эли, жери үчүн кызмат кылуу ар бир жигиттин милдети деп ойлойм.

     

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *