0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - Кабарлар

    (интервью) Токон Мамытов: «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» партиясынын программасында мени өзүнө тарткан көп өзгөчөлүктөр бар

    (интервью) Токон Мамытов: «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» партиясынын программасында мени өзүнө тарткан көп өзгөчөлүктөр бар
    16 09 2015 09:31

    «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» партиясынын идеясын колдоп, анын катарына өтүүгө түрткү берген жагдайлар тууралуу белгилүү саясатчы жана күч органдарынын кадыр-барктуу адиси Токон Мамытов баяндайт.

    –Токон Болотбекович, маегибиздин башында сизден өзүңүз жөнүндө жана эмгек таржымалыңыздын башталышы жөнүндө билгим келип турат…

    – М е н Балыкчы шаарында туулгам. Орто мектепти аяктагандан кийин Советтик Армиянын катарында Чехословакияда кызмат өтөдүм. Армиядан кайткандан кийин Пржевальскидеги институттун математика факультетинен окуп, мамлекеттик коопсуздук органынын кызматына кабыл алындым. КГБнын Минскидеги Жогорку курсун жана СССР КГБсынын Андропов атындагы Москвадагы Кызыл Туулуу институтун аяктагандан кийин көп жылы Кыргызстандын атайын кызматтарында жана Чегара аскеринде кызмат өтөдүм.

    – ММКлар сиз илимий диссертация жактаган деп жазышты. Бизге анын темасы кызык болуп жатат?

    – Парламенттик жана өкмөттүк комиссиялардын курамында жүрүп Кылмыш кодексинин, Кылмыш-Жаза кодексинин долбоорлорун даярдашкандыгым жана конституциялык комиссиядагы ишим үчүн мага президенттин жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи деген ардак наам ыйгарылган. Ал эми кандидаттык диссертацияны мен эл аралык терроризм темасы боюнча жактадым. Азыр мен докторантмын, жакында «Исламдык фундаментализм» деген темада докторлук диссертациямды коргойм.

    – Сиз вице-премьер-министрлик кызматта турганда Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешкен чегара маселесин чечүү боюнча бир топ иштер жүргүзүлдү эле. Ошолордун жүрүшү боюнча кененирээк айтып бере аласызбы?

    – Чегара коопсуздугу боюнча маселе Кыргызстан үчүн эле эмес бүткүл дүйнөдөгү көп мамлекеттер үчүн актуалдуу маселе. БУУга мүчө 194 мамлекеттин ичинен 72 мамлекеттин чегара боюнча өтө олуттуу көйгөйлөрү бар, ал эми 25 мамлекеттин маселеси толук чечиле элек. Башкача айтканда, бардык мамлекеттердин 50 пайызынын чегарасы Кыргызстанга окшоп толук чечиле элек жана юридикалык жактан чегара сызыгы чийиле элек. Экинчиден, чегара боюнча талаш-тартыштар жеке эле КР менен РТ же КР менен РУз ортосунда гана болбойт, мындан да ашкан жаңжалдар болот. Маселен, америка-мексика, америка-канада чегарасында так ушундай талаштар бар. Аябай олуттуу талаштар цивилизациялуу Европа мамлекеттеринде да болот, мисалы Бельгия менен Голландия, Люксембург ортосунда, Скандинавия, Прибалтика мамлекеттеринде. Алардын жаңжалдашуусунун бир гана айырмачылыгы бар- алар бизге окшоп кетмен же таш менен ургулашпайт, бирок курал колдонулган учурлар болот. Биздин жарандарды бейпайга салган бир гана маселе Кыргызстандын чегарасы качан такталат деген суроо. Бирок, мен жогоруда айткандай цивилизациялуу айрым мамлекеттер да жүздөгөн жылдардан бери чегарасын тактай албай келишет. Анткени, бул өтө опурталдуу тема, аны менен кесипкөй адистердин гана иштегени жакшы. Чегарада делимитация жана демаркация иштерин баштоодон мурун Душанбе жана Ташкент менен принциптерди аныктаган документке кол коюу керек. Башкача айтканда, өз ара сыйлашуунун, өз ара пайданын, милдеттенмелерди аткаруунун жана ыкка көнүүнүн принциптерин тактап алуу зарыл. Алар эки тараптын тең кызыкчылыктарын эске алуу жана биргелешкен макулдашуунун негизинде такталышы керек.

    – А сиздин иштин ийгилиги катары кандай натыйжаларды атай алабыз?

    – Мен кызматтан кетээрден мурун жергиликтүү элдин пикиринин негизинде айрым участкаларды алмашуу боюнча тажик тарап менен оозеки макулдашуу болгон. Мисалы, айрым жарандардын короо-жайлары анклав катары башка мамлекеттин чегине өтүп кеткен учурлар бар. Биздин жарандар аларды ошондой эле башка короо-жайлар менен алмашууну сунушташкан. Мындай сунушту өкмөт эмес Баткен областынын эли өзү айткан. Мындай учурлар тарыхта да болгон, маселен Индия менен Бангладеш чегарасын аныктоодо ушундай алмашууларды жүргүзүшкөн.

    – Сиз күч курамдарын жетектеп турганда чегара боюнча дагы кандай талаштарды чече алдыңыз?

    – Лейлек районунда Катта- Туз деген жер бар. Алжерде 20 жылдан бери газ жана нефть алынуучу мунаралар иштеп, алынган кен Тажикстанга бекер жөнөтүлүп турчу. Бул жөнүндө тартип коргоо органдары да, жергиликтүү эл дагы билишчү эмес. Өкмөт бул ишти тезинен токтотуу боюнча катуу чечим кабыл алды, ал жерден алынган газ, нефть Баткендин ички муктаждыгын аз да болсо жаба алат.

    – Андан кийин сиз «Кыргызалтындын»жетекчилигине келдиңиз. «Кумтор» боюнча коомдо талаш катуу жүрүп жаткан кезде дайын далдыңыз жана ал жерде кандай ири көйгөйгө туш келдиңиз?

    – Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев башында турган команда «Кумтөрдүн» кирешесин 50Х 50 ченеми менен бөлүшөлү деген келишимдин долбоорун даярдап жатканда мен өкмөт үчүн коркуп турдум. Кирешени 67 Х33 процент менен бөлүшүү боюнча келишсек жакшы болмок, бирок өкмөт менен парламент 50Х50 ченеми менен бөлүшүү боюнча чечимди кабыл алган. Мындай бөлүшүү өкмөт үчүн абдан кооптуу, бирок коррупциялашкан атка минерлер жана канадалыктар үчүн пайдасыз болчу. Анткени, 2003-жылы мурдагы президенттин учурунда "Кумтөрдөгү" биздин акциялар чыгарылып, Торонто шаарындагы «Центеррага» өткөрүп, Кыргызстандын «Кумтор Голд Ком-пани» компаниясындагы көзөмөлүн такыр жоготкон келишимге кол коюлган болчу. "Центерранын" акционери катары «Кумтор Голд Компани» компаниясынын ишине кийлигишүүгө укугубуз жок болуп калган. Сатыбалдиев ушул маселени козгогон учурда ал өзү да, мен да жылаандын куйругун басканыбызды сезип эле турдук. Эгер ал ойлогон оюн ишке ашыра ала турган болсо биз акцияларды Кыргызстанга алып келмекпиз жана акциялар камакка алынмак эмес. Биз дивидендден жарыбаган гана тыйындарды алабыз. Карагылачы, бир кварталдын ичинде Кыргызстанга болгону 2 миллион гана доллар которулат! Ал дагы 2010-жылдан кийин гана которула баштады, ага чейин бир тыйын алчу эмеспиз. 2003 –жылы акцияларды Торонтого чыгарып кетишип, коррупциялашкан схеманы изин жашырышкан. Премьер-министр Сатыбалдиев ошол изди чукуп, учун бизге кайтара баштаган болчу. Анын бул аракети айрымдарга жакпай калып, Ош, Жалал-Абад шаарлары боюнча чырды чыгарышып, иштен кетиришти. Албетте, бул менин жеке пикирим.

    – Документтерди иликтеп чыккандан кийин сизди эстен тандырган кандай маалымат болду?

    – Кыргызстанга таптакыр пайдасыз келишимдерге кол коюлганы болду. Маселен, келишимдер боюнча биздин өлкө экологиялык, геотехникалык жана башка дооматтардан такыр баш тартыптыр. Экинчиси юридикалык иммунитеттен да баш тартыптырбыз. Элестеткиле, биз өзүбүздү коргой албайт экенбиз, эч кандай доомат коюуга жана каршылык көрсөтүүгө да укугубуз жок экен! Үчүнчүсү- эгер кандайдыр бир чатак чыга турган болсо биз аны Кыргызстандын аймагындагы соттордо карата албайт экенбиз.

    Аларды Стокгольм сотунда англия- саксон укугу боюнча чет өлкөлүк арбитрди дайындатып туруп гана карата алат экенбиз. Андан тышкары, Кыргызстан улутташтыруу маселесин эч качан көтөрбөйт деген милдеттенме алыптыр. Эгер бул маселени кимдир бирөө козгой турган болсо өкмөт аларды токтотууга, комбинаттын рыноктогу баасы боюнча каражатты чет элдик банкка кыска гана убакыттын ичинде которууга милдеттүү экен. Мындан тышкары, биз бешинчи келишимге да кол коюп бергенбиз. Анын негизинде улутташтыруу болсо «Кыргызалтын» менен макулдашпай туруп эле 77 млн. акция жүгүртүүдөн алынып, наркы 1 цент турган акциялар чыгарылып, алар Кыргызстандан башка мамлекеттердин жарандарына сатат экен. Мына мен ушундай шумдуктарга туш болдум. Мен бул маселени көп эксперттер, депутаттар жакшы ниет менен көтөрүшкөнүн, бирок бир дагы документтер менен таанышпай туруп талкуулашканын баса белгилеп коюшум керек. Ошон үчүн мен алардын укуктук жактан сабатсыз экендигин билдиргем. Ага бизде улутташтыруу жөнүндө мыйзам жок экендигин жана ал үчүн өкмөт каражат алуу булагын такташы керек экендигин негиз кылгам. Биз келишимден баш тарткандык үчүн 2 млрд. Долларлык каражатты кайда алып төлөмөкэлек? Ошон үчүн улутташтыруу боюнча атайын программа даярдалып, андан кийин пайда болуучу бардык проблемалар, соттошуулар боюнча жүктү өз мойнуна ала турган жооптуу адам белгилениши керек. Жөн эле улутташтырлсын деп кыйкырып коюп, андан кийинки жоопкерчиликтен качуу-бул элди алдоо!

    – Демек, биз «Кумтөр» боюнча өзүбүздү өзүбүз капаска салып койгон турбайбызбы?

    – Капаска салган келишимдерге кол коюп салганыбыз менен юридикалык жактан чыкчу жол бар. Эгер «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» партиясы шайлоодо жеңсе, биз бул маселени кайра баштайбыз.

    – А эмне үчүн «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» партиясын тандадыңыз?

    – Партиянын программасында ынандыра турган бир топ жакшы багыттар бар экен. Биринчиси-бардык жерде жумушчу орундарын түзүү керек деген багыт турат. Эл бийликтен азыр ушул проблеманы чечүүнү талап кылып жатат. Бул маселени партиянын лидери Аскар Салымбеков түзгөн фирмалар менен компаниялар ишке ашырып жатат. Экинчиден- улутуна, динине жана жынысына карабай бардык адамдардын укугун менен эркиндигин коргоо. Бул мен үчүн өтө маанилүү маселе. “Бүтүн Кыргызстан Эмгек» бардык жарандардын укугу менен эркиндигин коргоого багыт алган. Үчүнчүсү- Кыргыз Республиканын Конституциясы менен мыйзамдарын кыйшаюсуз аткарууга багыт алганы. Министрсиңби, депутатсыңбы же катардагы жарансыңбы, эч нерсеге карабай баарыбыз мыйзам алдында бирдей болушубуз керек. Төртүнчүсү – мамлекеттин коопсуздугу жана келечектеги өнүгүүсү. Территориалдык жактан бүтүндүк жана суверенитет бул эң маанилүү шарт. Мына ушул принциптерди карап туруп, мен шайлоого «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» партиясы менен барууну чечтим.

    – «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» партиясы жеңип, кезектеги парламенттен орун алат деп турасызбы?

    – Мен өзүмдүн саясатчы жана чекист катары даярдыгыма таянып айта турган болсом ЖКга экипартия-СДПК жана «Бүтүн Кыргызстан Эмгек» партиялары өтөт. Калгандары өз күчүн көрсөтүшү керек!

     

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *