Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Исфаналыктар жаңы көпүрөлүү болушту
25 11 2014 17:48
Исфана шаарында жөө адамдар өтүүчү көпүрө курулду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Бул көпүрө мектеп окуучуларынын каттамын үзгүлтүксүз камсыз кылат. Ал Баткен облусунун Исфана шаарындагы жашоочулардын Өзгөчө кырдаалдар министрине жолдогон суранычынын негизинде курулду. Өзгөчө кырдаалдар министри буйругунун негизинде өзгөчө кырдаалдардын алдын - алуу жана кесепеттерди жоюу боюнча Регионалдык департаменти “Кутман-Курулуш” ЖЧКсы аркылуу курулуш жумуштарын октябрь айынын башында баштаган. Анын узундугу 32 метр, туурасы 1,2 метр. Бул аймакта буга чейин мектеп окуучулары коопсуз жүрө турган мындай көпүрө жок болчу.