Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Религия
Жалал-Абад областында мектептен мечит көп
Быйыл областта иштеп жаткан 631 мечиттин ичинен 484 мечит мамлекеттик каттоодон өттү. Калган 147 мечит каттоодон өтө элек. Бул тууралу областтын казысы Абдулазиз каары Закиров Коргоо Кеңешинин быйыл февраль айында өткөн жыйынында кабыл алынган чечимдердин аткарылышына арналып 6-ноябрда өткөн жыйында билдирди. Аталган жыйында областта 472 мектеп бар экендиги жана мечиттердин саны мектептен 159га көп экендиги белгилүү болду.
Мэрияда өткөн жыйында Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Нурдин Насыркулов шаардагы молдо-имамдар диний экстремисттик деп таанылган "Хизб-ут тахрир" уюмуна жана акрамия, салафийа агымдарына мүчө адамдарды билишсе да жашырып коюшат деп билдирди. Анын айтымында, шаардык ички иштер бөлүмүнүн каттоосунда диний-экстремисттик "Хиз-ут-Тахрир" уюмуна мүчө деп шектелген 61 адам турат. Алардын 53 эркек, сегизи аял, теги боюнча экөө -кыргыз, калганы- өзбек. Нурдин Насыркулов бирок, иш жүзүндө алардын саны мындан кыйла көп болуусу мүмкүн, себеби экстремизмге үндөгөн адамдарды билген шаардагы жана областтагы диний кызматкерлердин коомдук тартипти сактоочулар менен байланышы солгундап кетти деп белгиледи.
Ырысбай Абдраимов, Жалал-Абад