Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
"Япон маданияты, тарыхы, коому жана адабияты" аттуу семинар өтөт
23 09 2014 16:34
26-сентябрда Ж.Баласагын университетинде "Япон маданияты, тарых, коом жана адабият” деген аталыштагы семинар өтөт. Бул тууралуу УИАдан Айсулуу Көкөева “TOPNEWS.KG” маалымат порталына билдирди.
Анын айтымында, Асада Дзиро "Япон адабиятындагы традициялар жана бүгүнкү күн", Йосиока Синобунун "2011-жылдын 11-мартындагы табигый стихиядан кийинки адабият", Ногами Акиранын "Осаму Тедзука жана япон мангасы менен анимаси", Чино Юкиконун "Япониянын жаш жазуучу-аялдары" аттуу докладдар окулат. Иш-чара Япон акындарынын ырларын которгондор, адабиятына жана маданиятына кызыккандарга арналат.