Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
К. Абдиев: “Юстиция министрине талапкер Ж. Мамбеталиеваны тажрыйбалуу адис деп билем”
11 02 2015 16:59
“Юстиция министрине талапкер Жылдыз Мамбеталиеванын талапкерлигин колдойм”, - деп TOPNEWS.KG маалымат порталына бүгүн, 11-февралда “Ажа-Журт” фракциясынын депутаты, экс-юстиция министри Курмантай Абдиев билдирди.
Анын айтымында, Жылдыз Мамбеталиеванын тажрыйбасы кенен адис.
“Мен Жылдыз Мамбеталиева менен чогуу иштешкем. Аны адам катары да сыйлайм. Ошол эле учурда аны тажрыйбалуу, мыкты адис деп билем”
Мындан тышкары Курмантай Абдиев Алмамбет Шыкмаматовдун кызматтан кетиши тууралуу эч кандай комментарий бере албай турганын айтты.
Жылдыз Мабеталиева 2008-жылдан бери юстиция министринин орун басары болуп эмгектенип келет.