Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
К. Бокоев: Азыркы кеткен өкмөткө жана буга чейинки өкмөткө да купулум толгон эмес
12 05 2015 12:00
«Азыркы кеткен өкмөткө жана буга чейинки өкмөткө да купулум толгон эмес», - деп ЖКнын депутаты Кенжебек Бокоев «Мекен инфо» гезитине берген маегинде айткан.
Анын айтымында, булар техникалык өкмөт болуп калган. «Негизинен партиянын лидери өкмөт башчы болуп келиши керек. Мисалы, Жантөрө Сатыбалдиев элдин алдында жооп бербейт. Анткени, ал партиянын лидери эмес. Партиянын лидери катары чоң жоопкерчилиги жок. Оторбаев дагы жөн гана партиянын мүчөсү. Ошол себептен, өзүнүн кылган ишине элге жооп бериши үчүн партиянын лидери шайланышы керек. Чынында Оторбаев эмес, Текебаев премьер-министр болуп барышы керек болчу», - дейт К. Бокоев.