Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
К. Бокоев: “Дыйкандарга лизинг шарты менен күнөсканаларды куруп бериш керек”
19 02 2015 10:16
“Дыйкандарга лизинг шарты менен күнөсканаларды куруп бериш керек”, - деп бүгүн, 19-февралда парламенттик жыйында “Республика” фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев билдирди.
Анын айтымында, азыркы учурда дыйкандар күнөскананы иштетүү менен көп түшүм ала турганын айтышууда.
“Бул маселе боюнча Айыл чарба жана мелиорация министрлигине тапшырыш керек”, -дейт К. Бокоев.
Мындан тышкары, К. Бокоев дыйкандар 10 пайыздык кредит качан берилет деп сурап жатышканын белгиледи. Ошондой эле алар кезекке туруп алганын айтты.