Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
К. Бокоев Кара-Буура районунун айыл-чарба жаатында иштегендерди “Айыл чарбанын отличниги” төш белгиси менен сыйлады
“Республика” фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев Кара-Буура районунда иш сапары менен болуп, айыл-чарба жаатында жигердүү иштеп келе жаткан адистерди КР Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин атынан «Айыл чарбанын отличниги» төш белгиси жана «Ардак грамотасы» менен сыйлады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Эл өкүлү алардын бүгүнкү күндө мамлекеттин экономикасын көтөрүүдө жана элет элинин жашоосун жакшыртуудагы эмгектери зор экендигин белгиледи.
Мындан тушкары Кенжебек Бокоев элибиздин эркиндикке, демократияга болгон күрөшүнүн символу болгон Апрель революциясынын күнү бул күрөшкө катышып жеңишке жетип, азыр демократиялык коом куруу боюнча үзүрлүү аракеттерин эске алып Кара-Буура районундагы Апрель элдик революциясынын баатырларына 5 жылдыгынын алкагында КР Ички иштер министрлигинин «Кыргыз милициясына 90 жыл» юбилейлик медалы жана «Ардак грамотасы» менен сыйлады.
Кара-Буура районунда Улуу Ата Мекендик согуштук жеңиштин 70-жылдык юбилейине даярдык көрүү ирээтинде Кызыл Адыр айылында «Баатырлар аллеясынын» курулуш иштери менен таанышып, депутат Кенжебек Бокоев колдон келген бардык жардамын көрсөтө тургандыгын айтып, курман болгон бардык баатырлардын элесине куран окутту.