Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
К. Боронов Таластагы селден турак-жайлары жабыркаган жарандардын ал абалы менен таанышты
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Талас районуна сел болгон аймактарга барып, учурда селден турак-жайлары жабыркаган жарандардын ал абалы менен таанышып, кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерине жеринде жетекчилик кылууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, Талас районунун Арал айылында, 12-майда, болжол менен кечки саат беш жарымда катуу жааган жамгырдын кесепетинен Кара-Коо жана Чанды сайларынан түшкөн сел суулары каналдан ашып, турак жайды, короо-сарайларды жана чарбактарды каптаган.
Алдын-ала изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча 118 турак-жай, короо-сарай жана чарбактары менен изилденип, анын ичинен 71 турак жайды суу каптап, анын ичинен 4 үй авариялык абалда деп табылып, бир сарай кулап калган жана 10 жер төлөөгө суу толгон.