Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
К. Боронов Таластагы суу каптаган айылдарына барып, абалы менен таанышат
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Талас облусунун суу каптаган айылдарына барып, абалы менен таанышат. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка боюнча, министр Кубатбек Боронов иш сапарынын жүрүшүндө суу каптоодон жабыркаган Аманбаев, Кызыл-Адыр, Үч-Булак, Кара-Суу, Боо-Терек, Шадыкан, Акназаров, Кызыл-Октябрь, Маданият, Өзгөрүш, Бакай-Ата, Ак-Дөбө айылдарынын тургундары менен жолугушту.
11-февралда Талас облусунун Бакай-Ата жана Кара-Буура райондорунун айрым айылдарын суу каптаган.
Анын кесепетинен жүздөн ашык турак үйдүн жер төлөлөрүнө суу кирген.
Мындан тышкары, 60 турак үйгө коркунуч жаралган.
Учурда суу каптоонун кесепеттерин жоюу үчүн эки жүздөн ашык адам тартылып, 25 техника иштеп жатат.