Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
К. Кадыралиевди издөөдө “милиция иштебей жатат” деген маалыматтар туура эмес
15 12 2014 15:35
Канжар Кадыралиевди издөөдө айрым ММКларда жарык көргөн “милиция иштебей жатат” деген маалыматтар туура эмес. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, бул багытта оперативдүү издөө иштери жүрүп жатат. Жарандар тарабынан келип жаткан маалыматтар такталууда. Канжар Кадыралиевди кармоодо убакыт талап кылынып жатат. Канжар Кадыралиевдин кайда жүргөндүгүн аныктоодо жарандардан дагы маалымат күтө турганын билдиришти.
Ош облусунун Өзгөн районунун бир нече жашоочусу акча талап кылды деп Канжар Кадыралиевге каршы арыз жазган. Ош шаардык соту тергөөгө келбегендигине байланыштуу К.Кадыралиевди камакка алуу чечимин чыгарган. Соттун бул токтомунун негизинде ага издөө жарыяланган.