Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
К. Кадыров: “Эгемен Кыргызстан” партиясына курултай өткөрүүгө өкмөт дагы эле имарат берген жок
14 08 2015 16:51
“Эгемен Кыргызстан” партиясына курултай өткөрүүгө өкмөт дагы эле имарат берген жок. Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына аталган партиянын лидерлеринин бири Кубанычбек Кадыров билдирген.
Анын билдирүүсү боюнча, алар курултайда “Эгемен Кыргызстан” партиясынын парламенттик шайлоодо депутаттыкка талапкерлердин тизмеси бекитилмек.
Ал эми кечээ айрым ММКлар аталган партиянын лидери Бектур Асанов курултай өткөрүүгө имарат беришпесе Ала-Тоо аянтында же эски аянтта ачык асман алдында жыйын куруу максатында мэрияга билдирүү бере турганын айткан.