Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
К. Курманалиева өз ыктыяры менен ээлеген кызматынан кете турганын айтты
06 04 2015 14:22
Бүгүн, 6-апрелде Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева өз ыктыяры менен ээлеген кызматын өткөрүп бере турганын айткан. Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына аталган облустун басма сөз катчысы Мухаммеджан Суранчиев билдирген.
Анын айтымында, Койсун Курманалиева 5 жыл аралыгында социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү жакшырткан.
“Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Койсун Курманалиева бүгүн Апрель революциясына арналган иш-чара учурунда элге ыраазычылыгын билдирип, өз ыктыяры менен отставкага кете турганын белгилеген”, - дейт М. Суранчиев.
Кантип эле оз ыктыяры менен кетип жатсын, бир балээси бар да...Мисалы таластыктардын фасольунун бир болугун жеген деген да имиштер айтылып журот..