Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
К. Молдокулов: “Экс-министр А. Алымкулов эмгек, миграция иштерине көңүл бөлүп, жаштар маселеси көмүскөдө калып калган”
18 12 2014 12:32
Эмгек, миграция жана жаштар министри болуп Бакыт Романов келиш керек. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда маалымат жыйынында жарандык активист Курманбек Молдокулов билдирди. Анын айтымында, экс-министр Алиясбек Алымкулов эмгек жага миграция иштерин аткарып жаштар маселеси көмүскөдө калып калган. “Алиясбек Алымкуловдун иштеп кеткен ишине баа бере албайбыз. Бирок биз татыктуу деген Бакыт Романов чынчыл, элеттеги жаштар менен иштешет. Мурда дагы Б. Романов өзүнүн талапкерлигин аталган кызматка койгон, бирок өтпөй калса дагы жаштар менен иштешкенин токтоткон эмес”, - дейт К. Молдокулов.
Мындан тышкары аталган министрликтин кереги жок дегенге кошулбай турганын билдирди.