Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
К. Самаковдун баш коргоо чарасы Октябрь райондук сотунун чечими менен калды
03 06 2015 11:30
Бишкек шаардык соту бүгүн, 3-июнда ЖКнын депутаты Карганбек Самаковдун баш коргоо чарасын карап чыгып, Октябрь райондук сотунун чечими менен үй камагында калтырды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, үй камагына алынган Карганбек Самаков тергөө органдарынын уруксааты менен гана аталган райондон тышкары башка жактарга барууга болот.
Эске алсак, 14-майда депутатка Бишкектин айланасындагы 260 гектардан ашык жерди мыйзамсыз менчиктеп алган деп кылмыш иши козголуп, ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.