0312 90 68 58
    info@topnews.kg
    Славим Человека Труда
     

    Апышев Муратбек: Занимайтесь тем, что делает вас счастливыми

    Герой рубрики – молодой и талантливый архитектор, человек, которому доверяют реализовать крупные и очень ответственные проекты. Апышев Муратбек - основатель архитектурно-дизайнерской студии ArtProject Он – типичный self-made man, проделавший путь от рядового архитектора до владельца собственной компании. История его личного успеха – это пример того, как человек из самой обычной семьи «эволюционным путем» сделал себя сам. Стремление преодолевать барьеры и смело идти к намеченной цели у него в крови.

    0 Читать далее
    Стильnews - Сериал
     

    Когда цветет сирень.Сериал (57 серия)

    Все имена и персонажи вымышлены, любое сходство следует считать случайным. Она улыбается нам с экранов телевизоров. Ее лицо сияет на обложках всех газет и журналов. Она лучшая модель – пример самой успешной женщины Кыргызстана. Но каков был путь на вершину успеха и славы?

    0 Читать далее

    Архив Новостей

    Новости - ВУЗNews - Заслуги и достижения преподавателей

    Качкын Оторбаевдин көркөм-адабий кечеси

    Качкын Оторбаевдин көркөм-адабий кечеси
    24 09 2014 10:59

    23-сентябрь Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 25 жылдыгына  арналган жазуучу, акын, публицист Качкын Оторбаевдин көркөм-адабий кечеси 

    24 сентябрда саат 11.00до Бишкек Гуманитардык университетинин кинозалында, 23-сентябрь Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил кунунө арналган жазуучу, акын, публицист Качкын Оторбаевдин Республикалык көркөм-адабий кечеси болуп отот, бул жөнүндө TOPNEWS.KGге БГУнун басма сөз кызматы билдирди. 

    Иш-чара Качкын Оторбаевдин ар тараптуу чыгармачылыгына кызыккандар үчүн өткөрүлүп жатат. Качкын Оторбаевдин өмүрү жана чыгармачылыгына арналган даректүү тасма көрсөтүлөт жана Качкын Оторбаев тууралуу «КРнын маданиятына эмгек синирген ишмери», КРдин атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, профессор Т.И. Ишемкулов, Кыргыз эл акыны, публицист Анатай  Өмурканов жана жазуучу, котормочу, Кыргыз Республикасынын  «Маданиятына эмгек синирген ишмери», СССР «Басмасынын отличниги» Мелис Абакировдор ойлорун  айтып беришет.

    Оторбаев Түгөлбек (Качкын Оторбаев, Түгөлбек Турпан уулу) –  Жумгал районунун Багышан айылында 1942-жылы 15-июлда туулган. 1959-жылы Чаек орто мектебин, 1964-жылы Фрунзедеги политехникалык институтунун механикалык факультетин ийгиликтүү аяктап, автомобиль транспорту боюнча инженер-механик деген кесипке ээ болуп, Фрунзедеги 1-жүргүнчүлөр автопаркында механик болуп 1965-жылга чейин иштеген.

    1965–1966-жж. жүргүнчүлөр автотрестинде бөлүм башчы, 1966–1969-жж. Панфилов районундагы автобазанын башчысы, 1969–1977-жж. Жумгал районунун автоба-занын жетекчиси, 1978–1991-жж. Кант районундагы жүк ташуучу автобазанын директорунун орун басары, 1991–1992-жж. Кант районунун жүргүнчүлөр автобазасынын директору, 1992-жылдан Мамлекеттик техникалык инспекциясынын Бишкек шаардык бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келет.

    1955-жылы Жумгал районунун «Социалисттик мал чарба» деген гезитине «Почтальон Токтосун» деген биринчи ыры жарык көргөн. Кийин райондук, республикалык гезит-журналдарга макалалары, ырлары жарык көрүп, 1962-жылдан «Чалкан» журналына сатиралык ырлары басылып турган.

    2003-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү

    Эмгектери:

    Жумгал дастан: Ырлар, санжыра, айтыш, поэма, очерк, новелла, эссе. 1-т. – Б.: Бийиктик, 2002.

    Жумгал дастан: Ырлар, санжыра, айтыш, поэма, очерк, новелла, эссе. 2-т. – Б.: Бийиктик, 2002.

    Мидин минткен экен (1-китеп): Ырлар, экспромт сөздөр, сатира. – Б., Учкун, 2006. 

    Комментарии

    Комментарий не существует

    Написать Комментарий

    Ваша эл. почта не будет опубликована. Обязательные поля *