Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Кадыр түн 13-июлдан 14-июлга караган түнү болот
01 07 2015 10:38
13-июлдан 14-июлга караган түнү кадыр түн болот. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда, Мусулмандардын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Кызматтын берген маалыматына ылайык, Кадыр түндө Кыргызстандагы баардык мечиттеринде баяндар окулуп, пайгамбардын хадистери айтылат.
Ал эми Бишкек шаарынын борбордук мечитинде да Кадыр түндө баяндар окулат.
Белгилей кетсек, Рамазан айы 18-июнда башталган. Ал 16-июлда аяктайт. 17-июнда Орозо айт майрамдалат.