Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
“Кайтал” акционердик коому КТРКнын журналисттерин сотко берет
“Биз КТРКнын журналисттерин сотко беребиз”, - деп бүгүн, 25-февралда «Кайтал» акционердик коомунун юристи Жаныбек Долбаев басма сөз жыйынында айтты.
Анын айтымында, КТРКнын репортажынан улам келтирилген материалдык жана моралдык зыянды төлөтүү үчүн Ленин райондук сотуна арыз жазышкан.
“Биздин ишмердүүлүктү тастыктаган баардык документтер бар”, - дейт Ж. Долбаев.
Мындан тышкары, аталган ишкананын жетекчиси Алмаз Такырбашевдин айтымында, бүгүнкү күндө 605 эшек союлган, эттери муздаткыч камераларда сакталып турат.
А.Такырбашев бул маалыматты чет өлкөлүк өнөктөштөр алдында келишимдин милдеттерин үзгүлтүккө учуратуу үчүн жасалган провакация деп эсептейт.
Ошондой эле эт жаныбарларды тойгузуу үчүн тоңдурулган түрдө Гонконгко жөнөтүлөрүн белгилешти.
КТРКнын "Ала-Тоо" маалымат-аналитикалык программасынын кызматкерлери Манас айылында жүздөгөн эшектерди сойгон касапкананы табышты.