Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Кара-Балта шаарынын жашоочулары “Жунда” ишканасын басып алышы мүмкүн
03 11 2014 15:41
Кара-Балта шаарынын тургундары “Жунда” мунай иштетүүчү ишканасынан шаарга кеткен борбордук канализацияны токтотуп, башканы орнотууну талап кылышты. Мындай маалыматты бүгүн басма сөз жыйында “Асыр” коомдук уюмунун көз карандысыз экологу Карыпбек Серенов билдирди. “Шаардын жашоочулары “Жунда” ишканасына каршы чыгып, басып алышы мүмкүн. Бул маселени 4 жылдан бери көтөрүп келе жатабыз”, -дейт К.Серенов.
Кара-Балта шаарынын тургуну Толгонай Ахматова ишканадан чыккан калдыктар борбордук канализация боюнча кеткендиктен, жагымсыз жыт пайда болгонун айтты.
«Биз, ишкана башка канализация орнотуушун талап кылабыз. Эгер мүмкүнчүлүк болсо ишкананын ишин токтотушсун», - дейт Т. Ахматова.