Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Кара-Буура районунун Аманбаев айылындагы турак үйлөрдү суу каптады
12 02 2015 12:18
Кара-Буура районунун Аманбаев айылында кечээ, 11-февралы түштөн кийин турак үйлөрдү суу каптады. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, аба-ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу тоодогу карлар эрип, арыктардан суу ашып, 60 турак үйдүн астын, тамаркаларын суу каптаган, анын ичинен 13 турак үйдүн жертөлөлөрүн, 25 чарбалык курулуштарын суу каптаган жана 1,5 чакырым ички чарбалык жолдор жабыркаган.
Суу каптоонун кесепеттерин жоюуга жергиликтүү тургундардан 100 адам жана 1 эксковатор, 1 жүктөгүч айыл аймагы тарабынан тартылган. Күнү-түнү нөөмөт уюштурулган. Жарандык коргонуу комиссиясы текшерүү иштерин жүргүзүүдө.