Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Караколдо жазуучу, драматург Касымалы Жантөшевдин 110 жылдык мааракеси өтөт
30 09 2014 17:18
30-сентябрда Каракол шаарында жазуучу, драматург Касымалы Жантөшевдин 110 жылдык мааракесине карата иш-чаралар өттү. Бул тууралуу өкүлдүн басма сөз кызматы билдирди.
Музыкалык драма театрынын актерлору тарабынан К.Жантөшевдин калемине таандык чыгармалардан “Каныбек”, “Курманбек” үзүндүлөрдү аткарып беришти. Ал эми жазуучунун өмүр жолу, чыгармачылыгы тууралуу видео тасма тартууланды.
Салтанатту иш-чарага ЖКнын депутаттары, коомдук ишмерлер, маданият кызматкерлери, акын, жазуучулар, облустук, райондук жетекчилер, студенттер жана облустун жашоочулары катышышты. Мааракенин экинчи бөлүгү жазуучунун туулуп өскөн айылы Ак-Суу районундагы Тепке айылында куран окулуп, маданий иш-чаралар улантылды.