Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Карылар жана майыптар үйлөрүнө акчалай жардам берилди
Бүгүн Президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен 1-октябрь - Карылардын эл аралык күнүнө карата Бишкектеги карылар жана майыптар үйүнө, Төмөнкү Серафимовка карылар жана майыптар үйүнө, Бакай-Ата карылар жана майыптар үйүнө, Сүлүктүдөгү карылар жана майыптар үйүнө, Сузактагы жана Токтогулдагы карылар жана майыптар үйүнө жана башка мекемелерге жалпы 6 миллион 260 миң сом материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлады.
Президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев мекеме жетекчилери менен жолугушуу өткөрүп, аларды өлкө башчынын атынан Карылардын эл аралык күнү менен куттуктап, эмгеги, өз ишине берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирди.
Социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда карылар жана майыптар үчүн 6 үй иштейт, аларда 752 адам жашайт. Мындан тышкары кары-картаң жана майып 9544 адамга үйлөрүндө кызмат көрсөтүлөт.