Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
“Көк жал” аттуу тасма коомчулукка тартууланды
19 09 2014 15:53
Кечээ Бишкекте “Манас” кинотеатрында акриса Асема Токтобаева режиссёрлук кылган “Көк жал” аттуу тасмасынын бет ачары болду. Тасманы тартканга “Хан Компани” курулуш компаниясы жана “Замандаш” ассоциациясы колдоо көрсөткөн.
Кинонун узактыгы 1 саат 15 мүнөт, ал эми башкы ролдорду Асем Токтобекова, Азат Кусеинов, Муслим Демиржан жараткан. “Айтыш” фильмдин жетекчиси Садык Шер-Нияз айтымында, Кыргызстан дүйнөдөгү көп кино көргөн жана көп кино жараткан өлкөгө айланып баратат. Ошондой эле тасма жараткан жаштарга колдоо керектигин жана кино тартуу боюнча кыргыздар сандан сапатка өтүп баратканын айтты.