Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Клара Сооронкулованы кызматтан бошотууда эч кандай саясат жок экенин ЖКнын төрагасы айтты
01 07 2015 13:37
«Жогорку соттун Конституциялык палатасынын соту Клара Сооронкулованы кызматтан бошотууда эч кандай саясат жок», - деп, бүгүн, 1-июлда маалымат жыйында Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков билдирди.
Анын айтымында, Соттор кеңеши өзүнүн чечимин президентке жөнөткөн. «Президент парламентке жөнөттү. Жогорку Кеңеш болсо добуш берүү менен маселени чечти. Норма Конституцияда бекитилген. Баарына биз жоопкерчиликтүүбүз, биз жооп беришибиз керек», - дейт А. Жээнбеков.
Белгилей кетсек, кечээ парламент Клара Сооронкулова мөөнөтүнөн кызматтан бошоткон.