Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Өкмөт биометрикалык маалымат тууралуу калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзбөй жатат
25 06 2015 10:41
Өкмөт биометрикалык маалымат тууралуу калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзбөй жатат. Бул тууралуу ЖКнын жыйынында «Республика» фракциясынын депутаты Абдыжапар Бекматов бүгүн, 25-июнда билдирди.
Анын айтымында, бүгүн бул маселеге өкмөт көңүл бурбаса, эртең кеч болуп калат. «Кеч болуп калгандан да мурун чыр боло турган маселе. Бүгүнкү күндө биометрикалык маалыматтан эки жарым миллион гана жаран өттү. Эгерде мындай темп менен кетсек, бардык жарандардан биометрикалык маалыматты чогултууга 3 жыл керектелет. Биз биометрикалык маалымат тапшырып жаткандардан кайдан уктуңар тапшырыш керек экенин десек, «кошунаман уктум, атаман уктум» деп айтып жатышат. Эмне үчүн өкмөт көңүл бурбай жатат», - дейт А. Бекматов.