Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Өкмөт министрлик кызматтарга талапкерлер боюнча жакынкы күндөрү чечим чыгарат
25 09 2014 12:08
Маданият, Маалымат жана туризм министри кызматына сунушталган талапкер боюнча жакынкы күндөрү өкмөттүн чечими кабыл алынат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлады.
Ал эми Саламаттыкты сактоо министри кызматына коалициялык келишимге ылайык, тийиштүү фракциядан талапкердин сунушталышы күтүлүүдө.
Кечээ министр Д.Сагинбаева ээлеген кызматынан бошотулган, ал КСДП фракциясынан көрсөтүлгөн.
Маданият, маалымат жана туризм министри кызматына өткөн жумада 8 талапкер каралып, «Ар-Намыс» фракциясынын көпчүлүк депутаттары режиссер Алтынбек Максутовдун талапкерлигин колдошкон.