Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Өкмөттүн алдына митингге чыккан жарандарды милиция кызматкерлери күч колдонуп кармап кетти
Ош базарынын тегерегинде мыйзамсыз соода кылгандар өкмөттүн алдына митингге чыгышса, укук коргоо органдарынын кызматкерлери күч колдонуп кармап кетишти. Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына активист Назарбек Нышанов билдирди.
Алар соода кылганга уруксат бергиле деген талап менен чыгышкан.
Анын айтымында, 300дөн ашык адамды ур-токмокко алып, милиция кызматкерлери кармап кетишти. «Ошол 300 адамдын ичинде мен дагы бармын, мени дагы кармап кетип баратышат. Бул не деген башаламандык? Муну ким уюштуруп жатат? Өздөрүнүн энелери менен тең аялдарга милиция кол көтөрүп жатат. Малдай эле жүктөп кетишти», - дейт Н. Нышанов.
Эске салсак, алар кечээ Ак үйдүн алдына митингге чыгып, бир аял эмчегин кесе турганын айткан. Ал эми 29-июнда Ош базарынын ичинде контейнерлерди ижарага алып иштегендер, сыртта уруксаты жок отургандарды кетирүү талабы менен митингге чыгышкан. Алар соода болбой, ижаранын акчасын төлөй албай жаткандарын айтышкан. Андан кийин сыртта мыйзамсыз отургандарга соода менен алектенгенге уруксат берилбей калган.