Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Өкмөттүн алдына митингге чыккандардын айрымдары эки суткага камакка алынды
02 07 2015 09:42
Биринчи май райондук соту өкмөттүн алдына митингге чыккандардын айрымдарын эки суткага камакка алды. Бул тууралуу TOPNEWS.KG маалымат порталына «Таза оппозициялык кыймылдын» лидери, митингдин катышуучусу Назарбек Нышанов билдирди.
Ал бул башаламндык экенин айтты. «Милиция кызматкерлери бизди күч колдонуп салып кеткени аз келгенсип, бизди дагы камакка алып жатышат. Мындай кадам менен булар элди коркутуп коеюн деп жатышат. Мени Акаевдин, Бакиевдин заманында камаган, мени камаган бийлик оңбойт», -дейт Н. Нышанов.
Белгилей кетсек, эки күндөн бери Ош базардын тегерегинде көчөдө соода кылгандар орундарынан куулуп жатканын айтып, нааразычылк акциясына чыгып жатышкан. Кечээ аларды милиция кызматкерлери кармап кетишкен.