Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Өкмөттүн жаңы веб-сайтынын бет ачары болду
Бүгүн КРнын Өкмөт үйүндө “Ачык Өкмөт” саясатынын алкагында Өкмөтүнүн жаңы веб-сайтынын www.gov.kg, мамлекеттик органдарына жарандардын электрондук кайрылуу интернет-порталынын www.kattar.kg премьер-министрдин «он-лайн» режиминдеги коомдук кабылдамасынын бет ачары болду.
Иш-чарага Премьер-министр Жоомарт Оторбаев, БУУ тутумунун Туруктуу координатору, Кыргызстандагы БУУӨПтүн Туруктуу Өкүлү Александр Аванесов, Жогорку Кеңешинин депутаттары, жарандык коомчулук, эл аралык уюмдардын жана ЖМК өкүлдөрү катышты.
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бардык жарандар компьютер же уюлдук телефон аркылуу министрлерге, акимдерге жана башка кызматкерлерге кайрылса боло турганын айтты.
Өкмөттүн маалымат менен камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Гулнура Төралиева веб-сайттын түзүлүштөрү менен тааныштырды.
Өкмөттүн жаңыртылган расмий веб-сайты пайдаланууга ыңгайлуу жана жөнөкөй болуп, заманбап дизайнга ээ, социалдык тармактар менен интеграцияланган, ошондой эле “Жарандардын он-лайн кайрылуусу”, “ЖМК он-лайн аккредитациялоо”, “Пресс-релиздерди жана нормативдик-укуктук актыларды таратуу”, “Электрондук аймак”, КР Өкмөтүнүн жыйындарын видеотрансляциялоо сервисин колдоо үчүн үзгүлтүксүз видео жана аудиону камсыздоо, уюлдук түзүлүштөр үчүн сайттын жеңилдетилген версиясы сыяктуу бир катар кошумча милдеттери каралган.