Впервые Олимпиада проводится с привлечением независимой организации.
Новости - Кабарлар
Кочкор районунун Ак-Жар айылында бүгүнкү күндө мектеп окуучулары жеке менчик үйлөрдө окуп жатышат
26 02 2015 11:16
Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Жар айылында бүгүнкү күндө мектеп окуучулары жеке менчик үйлөрдө окуп жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда ЖКнын депутаты Мирлан Бакиров билдирди.
“Мектептин курулушу 2009-жылы аяктаган жана ага 49 млн сом багытталган. Мектеп сэндвич-панелдер жолу менен салынган. Бүгүн анан абалы начар. Биз бул мектепте болгонбуз, бизден кийин курамында мурдагы вице-премьер-министр, азыркы билим министри Сариева болгон өкмөттүк комиссия да барган. Бирок маселе чечилген жок. Балдар мектептерде окуй албай үйлөрдө окуп жатышат. Бул маселени көзөмөлгө алыш керек. Сапатсыз курулуш жүргүзгөн көтөрмөчүлөр жоопкерчиликке тартылышы керек”, - дейт М. Бакиров.